Бүгүн, 15-октябрда Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына тандоо турунда Монголия менен беттешип, 2:1 эсебинде Кыргызстан улуттук курама командасы утту.
Оюндун биринчи бөлүгүнүн 14-мүнөтүндө Гүлжигит Алыкулов эсепти ачып, биринчи бөлүктүн бүтөрүнө 3 мүнөт калганда Мирлан Мурзаев экинчи голду киргизген.
Экинчи бөлүгүндө, Монголия курама командасы 11 метрлик айып аянттан тээп, гол киргизди.
Оюн Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында болуп өттү.
Кыргызстан курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы болуучу Азия Кубогуна тандоо этабында Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалары менен «F» тайпада күч сынашууда.
Төрт турда үч беттеш өткөргөн улуттук курама азырынча 6 упай топтоду.