Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан Монголияга 2 гол киргизди

Кыска кабар | 15 Окт 2019 | 1613 | 0

Бүгүн, 15-октябрда Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына тандоо турунда Монголия менен беттешип, оюндун биринчи бөлүгүндө 2:0 эсебинде Кыргызстан улуттук курамасы алдыда.

Оюндун 14 мүнөтүндө Гүлжигит Алыкулов эсепти ачып, биринчи бөлүктүн бүтөөрүнө 3 мүнөт калганда Мирлан Мурзаев экинчи голду киргизди.

Оюн Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтүп жатат.

Кыргызстан курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы болуучу Азия Кубогуна тандоо этабында Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалары менен «F» тайпада күч сынашууда.

Үч турда эки беттеш өткөргөн улуттук курама азырынча үчүнчү сапта келатат. Япония тизмеде көч баштап, алдыга чыкты. Экинчиде Тажикстан, Монголия төртүнчүдө, ал эми эки беттеште тең жеңилген Мьянма тайпада акыркы орунда калууда.

Copyright © 2017 Maral FM