Биз менен байланышыңыз

«ЕАЭБдин пайдасын Орусия, Казакстан, Беларусия көрүп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Окт 2019 | 445 | 0

Учурда ЕАЭБдин пайдасын көбүрөөк Орусия, Казакстан, Беларусия көрүп жатат. Бул тууралуу миграция боюнча эксперт Жами Аширов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан өлкөдө өндүрүлгөн товарларды ЕАЭБдин талаптарына ылайык сатууга даяр эмес.

«Лаборатория куруу үчүн Орусия берген 200 млн доллар каякта экенин эч ким билбейт. Биздин лабораториялар талаптарга жооп бербейт. Көпчүлүк товарларды Казакстанда маркировка кылабыз. Бул жерде кыргыз өкмөтүнүн күнөөсү бар. Кыргызстанда бир да чиновник жоопкерчилик албайт», — дейт Аширов.

Ал ишкерлер Кыргызстанга Орусия, Казакстандан колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү алып кирип жатканын белгиледи.

Аширов мындан сырткары, мигранттар жашаган жери боюнча каттоого турбагандыктан, 90 % депортация болушу ыктымал экенин кошумчалады.

«Орусиянын ИИМи батирдин ээсин жоопко тартпайт. Ай сайын 10 миңдей адам кара тизмеге кирип жатат. Орусия мигранттардан патент, жумушка уруксат кагазын талап кылбайт. Мигранттарды допортация кылып жатканда соттор ишти 3-4 мүнөттөн гана карашат», — дейт эксперт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM