Биз менен байланышыңыз

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын өткөрүүгө даярдыктар кызуу жүрүүдө

Кыска кабар | 12 Окт 2019 | 439 | 0

Ушул жылдын 25-октябрында Кадамжай районунда Кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөрүнүн бири Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы өтөт. Ага карата даярдыктар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусук өкүлчүлүгүнүн маалымат кызамыт билдирди.

Улуу инсандын салтанаттуу мааракесине карата 24-октябрь күнү илимий-практикалык конференция өтөт. Атайын даректүү тасма тартылып, Кадамжай районундагы Орозбеков айылында театрлаштырылган көрсөтүүлөр, концерттик программалар тартууланат. Мындан сырткары ат оюндарын өткөрүлөт.

10-октябрда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов облуска атайын иш сапары менен келген. Анда Абдыкадыровдун 130 жылдыгын өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшү, тийиштүү тармактарга иш чаралар жана милдеттер бекитилгени айтылды.

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн Бишкек шаарынан атайын режиссёрлор, көркөм жетекчилер тартылып, даярдыктар жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM