Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Чек араларды коргоо чөйрөсүндөгү мамилелер өзгөчө маанилүү

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 482 | 0

«Биздин көңүл биргелешкен экономикалык долбоорлорду өнүктүрүүгө жана өнөр жай кооперациясын кеңейтүүгө бурулушу керек», — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда Ашхабад шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынында.

Мамлекет башчысы элдердин бакубатчылыгын жана жашоо сапатынын өсүшүн камсыздоонун, ишкерлик үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн, ишкердик байланыштарды жөнгө салуунун жана КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда эркин соода-сатык жүргүзүү аймагынын толук кандуу иштешинин маанилүүлүгүн жана ошондой эле коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө КМШнын ролун жогорулатуу боюнча жумушту күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

«Чек ара коопсуздугу жана мамлекеттик чек араларды коргоо чөйрөсүндөгү мамилелер өзгөчө маанилүү болуп саналат. Заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча биздин атайын кызматтардын мамилелерин арттырууну сунуштайм. 2020-жылга чейинки КМШга мүчө мамлекеттердин аскердик кызматташтыгы Концепциясын ишке ашыруу абдан маанилүү болуп саналат. Концепция биздин аскердик мекемелердин аскердик жана аскердик-техникалык мамилелерин бекемдөөгө жол берет», — деди Президент.

Жээнбеков 2020-жылы КМШга төрагалык кыла турчу Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге ийгиликтерди каалап, анын натыйжалуу болушуна жана КМШнын алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө татыктуу салым кошоруна ишенимин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM