Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын беш өлкөдөгү элчилери дайындалды

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 1093 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов Москва шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Армениядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен Кыргызстандын Австриядагы, Венгриядагы, Словениядагы элчиси жана Кыргызстандын ЕККУдагы жана Венадагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Бакыт Жусупов Вена шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Словакиядагы жана Чехиядагы элчиси болуп дайындалды.

Президент Сооронбай Жээнбековдун дагы бир Жарлыгына ылайык, Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Самаргүл Адамкулова Эль-Кувейт шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Бахрейндеги жана Иорданиядагы элчиси болуп дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM