Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы бир жылда 37 миң онлайн-патент берди

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 441 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 1-октябрынан тартып мекеменин сайты аркылуу электрондук түрдө 37 миң 916 даана патент берген. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Экономикалык ишти жүзөгө ашырууга электрондук патентти эки ыкмада: «Салык төлөөчүнүн иш бөлмөсү» электрондук сервиси жана ID-карта менен алууга болот.

Азыркы учурда электрондук патент алуу «Демир Банк», «Кыргызстан Банк», «РСК Банк», «Азия Банкы», «Оптима Банк», «Керемет Банк», «БТА Банк» банктарынын дисконттук карталары аркылуу, ошондой эле «Элсом», «Умай» жана «Аманат» мобилдик капчыктары аркылуу төлөнүүдө.

Ошондой эле, «Оптима банк», «РСК Банк», «Айыл Банк», «БТА Банк», «Quickpay», «Megacom», «AsisNur», «Terempay» төлөм терминалдары аркылуу жана «РСК-Банк» менен «Айыл Банктын» кассалары аркылуу накталай акы төлөөгө болот.

Салык кызматы электрондук патент төлөмдөрүн кабыл алуу үчүн башка коммерциялык банктарды жана төлөм терминалдарын кошуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Эске салсак, электрондук патентти интернет аркылуу сатып алуу салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түздү, анын ичинде салыкчылар менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы түз байланышты кыскартты. Бул коррупциянын азайышына көмөкчү болот.

Copyright © 2017 Maral FM