Биз менен байланышыңыз

Баткен ОИИБ: Милиция Эркин Мамбеталиевден унаа белек алган эмес

Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 1488 | 0

Мурдагы президент Атамбаевдин бир кездердеги жан сакчысы Эркин Мамбеталиев Баткенде милицияга унаа белек кылды деген маалымат туура эмес. Бул боюнча Баткен областтык ички иштер башкармалыгынын (Баткен ОИИБ) маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Анын айтымында, милиция тескерисинче Мамбетилевге таандык «CHEVPOLET-SUBURBAN» үлгүсүндөгү 09KS822AAI, 09KS820AAI мамлекеттик номерлүү эки «ЖИП» унаасын колго түшүргөн. Учурда Кадамжай РИИБнин кызматкерлери тарабынан жогорудагы автоунаалар текшерилип жатат.

7-октябрь күнү саат 18дер чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунда милиция кызматкерлери тарабынан Мамбеталиевдин унаасы токтотулган.

Эске сала кетсек, айрым маалымат каражаттары кечээ Мамбеталиев ИИМ кызматкерлерине эки «Жип» унаасын берген деген маалымат чыккан. Анда Атамбаевдин экс-жан сакчысы «ЖИП» унаалардын жанында аскердик кийимчен турганы, алакан жайып элден бата алып жаткан сүрөттөрү тараган.

Copyright © 2017 Maral FM