Биз менен байланышыңыз

Айдоочулук күбөлүктөрүн алуу арзандады

Күн чекит | 8 Окт 2019 | 2166 | 0

Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштайт. Ал улуттук жана эл аралык талаптарга жооп берген деңгээлде жасалган. Эң негизгиси арзан баада болуп, бардык жарандарга жеткиликтүү болорун өкмөттөн кабарлашты. Бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз бөлүмүнүн кызматкери Адилет Бейшеналиев маалымат берди.

Марал: — Айдоочулук күбөлүктөрдү жаңылоого кандай муктаждык бар эле?

Адилет Бейшеналиев: — Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштайт. Маалым болгондой, азыркы үлгүдөгү күбөлүктөр 2011-жылдан бери колдонууда жүрөт. Негизи дүйнөлүк тажрыйбада деле айдоочулук күбөлүктөр, паспорттор 5 же 10 жылда бир жаңыланышы керек деген тартип бар. Анткени, жасалма түрлөрү көбөйүп, коргоо элементтери да эскире баштайт.

Биздеги 9 жылдан бери берилип келе жаткан айдоочулук күбөлүк учурдун талабына жооп бербей калган.

Марал: — Жаңы күбөлүктөрдүн кандай артыкчылыктары бар?

Адилет Бейшеналиев: — Жаңы айдоочулук күбөлүктөр поликарбонат материалынан жасалып, лазер принтерден басып чыгарылат. Мурда лазер принтерден чыгарылчу эмес. Бул айдоочунун аты, сүрөтү өчүп калбай, жакшы сакталышына шарт түзөт. Көп айдоочу сүрөтү көрүнбөй, аты-жөнү окулбай калганын айтып арызданышчу. Ошондой эле материалы сынып калбагыдай катуу чыгарылат.

Дагы бир маселе, буга чейин айдоочулук күбөлүктөр жетпей калган учур болчу. Эми биз күбөлүктөрдү чыгаруучу компанияга 5 жылга жете турчудай көлөмдө чыгаруу талабын койдук.

Марал: — Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн баасындагы айырмачылыктар тууралуу айтсаңыз, канча сомго арзандады?

Адилет Бейшеналиев: — Мурда улуттук үлгүдөгү күбөлүктүн бланктарын айдоочулар 12 евродон сатып алышчу. Азыр алардын баасы 100 сом 86 тыйын эле. Ал эми эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын баасы 577 сомдон 52 сомго чейин арзандады.

Марал: — Улуттук жана эл аралык деңгээлдеги айдоочулук күбөлүгү деп айтылып жатат, демек, эл аралык күбөлүктөр чет жакта да жарактуу болобу?

Адилет Бейшеналиев: — Чет жакта машине айдайм деген жарандар улуттук үлгүдөгү документти алууда, эл аралык үлгүдөгү күбөлүктү да кошо алышы керек. Жөнөкөй тил менен айтканда, эл аралык күбөлүк — бул, англисче котормосу. Аны көбүнчө сыртка жүк ташыган айдоочулар алышат. Ал Европа өлкөлөрүндө жарактуу болот.

Марал: — Кайсы убакыттан тарта берилип баштайт?

Адилет Бейшеналиев: — Азыркы учурда тендерди жеңип алган компания менен келишим түзүлдү. Үлгүсү кандай болушу керек экени аныкталып, компанияга берилди. Айдоочулар ушул жылдын ноябрь айынын ортосунан тарта жаңы үлгүдөгү күбөлүктөрдү ала башташат. Учурда айдоочулар убактылуу күбөлүк менен жүрүшөт, ал 31-декабрга чейин жарактуу.

Copyright © 2017 Maral FM