Биз менен байланышыңыз

«Ала качуу кылмыш экенин коомчулук толук түшүнө элек»

Коом , Күн чекит | 7 Окт 2019 | 1136 | 0

Социалдык тармактарга көшөгөдөн чыгып кетүүгө аракет жасап ыйлаган кыз, аны күчкө салып отургузууга аракет кылган аялдар, кыздын үнүн басуу максатында бакырып ырдап жаткан жаштар тууралуу тасма тарады. Тасманын алдына окуя Талас аймагында болгондугу жана 16 жаштагы кызды өзүнөн жыйырма жаш улуу адамга ала качып келишкени жазылган.

Бул боюнча Талас облустук Ички иштер башкармалыгы тасма кайдан тартылгандыгын тактап териштирип жаткандыктарын маалымдашты.

Биз аталган жагдай боюнча «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова менен маек курдук.

— Саламатсызбы? Айтсаңыз, интернетке тараган тасма эмнеден кабар берет?

— Мыйзам кабыл алынды. 10 жылдан бери бир топ коомдук уюмдар айтып, талкуулап келүүдөбүз. Бурулайдын окуясы да көп талкууланды. Дагы канча кыздын тагдыры талкаланышы керек? Биздин жарандарыбыз мыйзамды тыйынча көрбөй калганбы? «Ала качкан гана эмес, ага көмөктөшкөндөр да соттолот», — деп айтылып эле жатат. Бирок коомчулуктун жагдайына эмне дээримди билбейм.

— Мыйзам кабыл алынганын айтып өттүңүз. Ага карабай мындай фактылар катталып жатса, ал иштебей жатабы? Же жетишсизби?

— Жок, атууга кетирүүдөн башкасы жетиштүү эле. Мыйзамда зордоп ала качкан адам 5-7 жылга чейин камалары жазылган. Мен айтып өткөнүмдөй, ар бир адам муну кылмыш деп кабыл алышы керек. Мындан бир аз жыл мурун бир студент жигит айтты: «Ала качпаганда кантип үйлөнмөк элек? Мени жактырбай жатса, үйлөнүп алсам жактырып калат да», — деп. Бул — аялзатына болгон терс мамиле. Аларды буюм катары көрүү.

— Коомчулуктун аң-сезимин кантип өзгөртөбүз? Кантип тиешелүү жыйынтыкка жетишебиз?

— Эми ушул болуп жаткан окуяны да аягына чыгарып, унутттурбасак. Ошондо эл деле: «Кылмыш экен, мындай кылбаш керек экен», — деп баштайт эле. Мыйзам иштеши керек, иштеп жаткандыгынан коомчулук кабардар болуп турушу зарыл. Биз баарыбыз бирге талап кылышыбыз керек.

— Сиздердин борбор бул боюнча изилдөө жүргүзөбү? Статистика барбы? Акыркы жылдарда мындай фактылар азайдыбы?

— Мурункуга караганда азайды. Бирок бизде ала качуу боюнча аз кайрылышат. Негизинен ала качып кетип, анан отуруп калып, кийин бир топ убакыт өткөн соң, ар кыл жагдайдан улам ажырашып кетишет. Бизге ушундай жагдайда көп кайрылышат.

— Азыркы интернетке тараган биринчи окуя эмес, бир топ фактылар катталып, жогоруда өзүңүз белгилегендей, мыйзам кабыл алынды. Мындай абалга кабылгандарга кандай кадамдарга баруу керектиги жөнүндө айтылып да келет. Ошентсе да сиз дагы бир ирет эскертип өтсөңүз. Эмне кылуу керек?

— Биринчиден, аябай катуу туруш керек. Ыйлагандан майнап чыкпайт. Туз коёт, жолуна жоолук төшөйт, байбичелер босогого жатып алат. Бирок ошого карабай, «Апалар, кечирип койгула, коё бергиле», — деп эле катуу-катуу эле айткыла дейм. Эгерде бир күн калып, зордуктоо болсо, анда жыйынтыгы эки тарапка тең жаман болот.

Copyright © 2017 Maral FM