Биз менен байланышыңыз

Коопсуздугу каралбаган көмүр кендери. Ким жооптуу?

Коом | 7 Окт 2019 | 1237 | 0

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада үч бир тууган каза болду. Алар 165 метр тереңдикте газга ууланып калышкан.

Ушундай эле каргашалуу окуя Баткендин Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында жайгашкан шахтада да катталды. Анда да үч башка айылдын жарандары 45 метр тереңдикте газга ууланып каза болушкан. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын штаб башчысы Кабыл Урайымов окуя тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Сүлүктү шаарындагы шахтада каза болгон бир туугандар 165 метр тереңдикте болушкан. Экөө жер астында жан берген, бири ооруканага жетпей каза болгон.

— Сүлүктү шаарындагы «Абдукахар кен» шахтасында үч адам газга ууланып ичинен чыга албай калганы боюнча маалымат биздин кызматтын жергиликтүү бөлүмүнө 5-октябрь саат 9:12де келген. Куткаруучулар 9:30да окуя болгон жерге барышкан. Алар 165 метр тереңдиктен үч кишинин сөөгүн таап, алып чыгышкан. Алар: Камалидин Якубов — 1975-жылы туулган, Жамалидин Якубов — 1977-жылы туулган, Низамидин Якубов — 1975-жылы туулган. Баары — бир туугандар.

Сүлүктү шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Алмазбек Каримовдун берген маалыматына ылайык, окуя «Абдукахар кен» Жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү шахтада болгон. Анын белгилешинче, ишкана толук мыйзамдуу иш алып барган.

— Окуя «Абдукахар кен» жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү шахтада болгон. Ал — каза болгон бир туугандарга тешелүү. Мыйзамдуу лицензиясы бар, салыгын төлөп, иштеп жатышкан.

Сүлүтү шаарындагы шахталардан «жабык түрдө жер астынан казып алуу» ыкмасы менен көмүр казышат. Жалпы 30дан ашуун ишкана кара алтынды казуу менен алектенет.

«Болгон окуя көмүр казган кендерде коопсуздук сакталбагандыгынын кесепети», — дейт жергиликтүү тургун, активист Мурат Эгембердиев. Анын айтымында, чакан шахталардын көбүндө коопсуздук эрежелери сакталбайт. Мындан сырткары, тиешелүү органдар бул кемчиликтерди билсе да, көз жаздымда калтырат.

— Мен билгенден каза болгон жарандар шахтанын ээси болгон. Алар «газ чыкты» деген маалыматты текшерүү максатында шахтанын ичине киришип, ууланып калышкан. Мындай кесепеттер — коопсуздуктун сакталбагандыгынын жыйынтыгы. Сүлүктүдөгү шахталар менен жеринен таанышсаңыз, шарт түзүлгөн эмес, коопсуздук эрежелери көпчүлүк чакан ишканаларда тиешелүү деңгээлде эмес. Тиешелүү органдар да текшерүү учурунда көп жагдайларга көз жуумп коюшат.

Ушундай эле каргашалуу окуя Баткендин Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында жайгашкан шахтада орун алды. Анда да үч башка айылдын жарандары 45 метр тереңдикте газга ууланып каза болушту.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, шахтада көмүр казып жүрүп мерт кеткен жарандар эч кандай уруксат кагазы жок, техникалык коопсуздугу каралбаган шартта көмүр казышкан.

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору Замир Куттубаев көмүр өндүрүүгө ким уруксат берерин жана коопсуздук кандай көзөмөлдөнөрүн айтып берди.

— Жалпы эле тоо-кен тармагына уруксат Өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилет. Аткарылышы боюнча да, кандай негизде пайдаланышын да ушул комитет көзөмөлдөйт. Мындан сырткары, лицензия алган учурда атайын техникалык долбоорлор түзүлөт жана тиешелүү органдардан макулдашуулардан өткөн соң ишмердүүлүк жүргүзүлөт. Ал эми долбоордун ичиндеги техникалык коопсуздуктун аткарылышын Экотехинспекция текшерет.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жетимиштен ашуун көмүр кени иштейт.

Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматына ылайык 2017-жылы кендерде өндүрүш маалында 26 кырсык катталып, 24 адам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM