Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр: Тыюу салынган шахталардын иштөөсүнө эч кандай жол берилбеши керек

Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 564 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев адамдардын өлүмүнө алып келген Баткен облусундагы шахтадагы кырсыкка байланыштуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушевдин айтымында, Кадамжай районундагы кырсык шахтанын каралбай калган жана иши токтотулган тилкесинен көмүрдү мыйзамсыз казуу маалында техникалык коопсуздук чараларына этият мамиле кылбагандан улам болгон.

Ал эми Сүлүктү шаарында болсо, көмүр казууга лицензия алган компания тарабынан коопсуздук талаптары одоно бузулгандан улам үч жаран каза болгон.

«Иш токтотулган тилкелерде иштөөгө эч кандай жол берилбеш керек, себеби, бул ушундай кесепеттерге – адам өлүмүнө алып келет. Жылытуу сезону жана көмүргө суроо-талап жакындап калганына байланыштуу, жергиликтүү бийлик укук коргоо органдары менен биргеликте шахтага жакын жайгашкан калктуу пункттарда көмүрдү мыйзамсыз казууга жол бербөө үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Мындан ары ушундай кырсыктарга жол бербөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тез арада алдын алуу чараларынын комплексин жүзөгө ашыруусу абзел. Көмүр кенине лицензиясы бар компаниялар коопсуздук талаптарын толук сакташы керек же адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келе турган жагдай болсо, иштөө укугунан ажыратылыш керек жана жоопкерчиллике тартылышы зарыл», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM