Биз менен байланышыңыз

Футзал: Профессионал команда футбол сүйүүчүлөр клубун жеңе алган жок

Кыска кабар , Спорт | 7 Окт 2019 | 502 | 0

Кыргызстандын футзал боюнча Суперлигасындагы «Sun City» командасы «Бай Түшүм» футзал сүйүүчүлөр клубун ута алган жок. «Алай» спорттук жайында болгон беттеште 2:2 эсебинде тең чыгышты.

Беттеш Бишкек аймагындагы Кыргызстандын Кубогунун тайпалык турунун алкагында өттү.

«Sun City’нин» башкы машыктыруучусу Нуржан Жетибаев профессионалдар футзал сүйүүчүлөрүн жеңе албаганын белгилейт.

«Биз толук 100 пайызга ойной алган жокпуз. «Бай Түшүм» биздин каталардан туура пайдаланып, керектүү голдорду киргизип кетти. Атаандашка кенебес мамиле жасап койдук. Буга мен өзүмдү айыптуумун деп эсептейм. Анткени, оюнчуларыма беттеште кантип жеңиш керек экенин жетиштүү жеткире алган жокмун. Эми каталардын үстүнөн иштейбиз», — дейт башкы машыктыруучу.

Эске сала кетсек, «Sun City» өткөн жылы Кыргызстандын Кубогунун финалына чыгып, Оштун «EREM» командасына жеңилген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM