Биз менен байланышыңыз

Нансен сыйлыгынын лауреаты болгон кыргызстандык юристке бүгүн сыйлык тапшырылат

Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 1091 | 0

Нансен сыйлыгынын лауреаты болгон кыргызстандык юрист Азизбек Ашуровго сыйлык тапшырылат. Сыйлыкты тапшыруу аземи бүгүн, 7-октябрда Швейцариянын Женева шаарында өтөт. Сыйлыкка медаль жана 150 миң доллар өлчөмүндө акча тапшырылат. Бул тууралуу Кыргызстандагы БУУнун өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

«Мен үчүн БУУнун аябай кадыр-барктуу Нансен сыйлыгын алуу эбегейсиз сыймык. Ал менен биргеликте биздин Кыргызстандын жарандыгы жок адамдардын санын кескин кыскарткан дүйнөдөгү биринчи өлкө катары таанылышы өзгөчө кубандырат. Кыргызстандын тажрыйбасы башка өлкөлөрдү да жарандыгы жок адамдардын көйгөйлөрүн чечүүгө түрткү берет деп ишенемин. Учурда дүйнөдө 10 миллиондон ашуун адам жарансыздык абалдын каргашалуу кесепеттеринен азап тартууну улантууда«, — деп жазган өзүнүн «Фейсбук» баракчасына Азизбек Ашуров.

Азизбек Ашуров жана «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» (ФӨЧАЮ) уюму Советтер Союзу кулагандан кийин жарандыгы жок калган 10 миңден ашуун адамга кыргыз жарандыгын алууга жардам берген. Алардын ичине билим алуу жана келечекте эркин орун которуу, үй-бүлө куруу жана расмий иштөө укуктарына ээ болгон, 2 миңге жакын бала да кирет.

СССР кулагандан кийин Азизбек Кыргызстандын түштүгүндө коргоого алынбаган, жер которгон, жарандыгы жана документтери жок адамдарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү максатында «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» аттуу бейөкмөт уюмун түзгөн.

Сыйлыкты тапшыруу аземи бүгүн, 7-октябрда Швейцариянын Женева шаарында өтөт. Сыйлыкка медаль жана 150 миң доллар өлчөмүндө акча тапшырылат.

Кыргызстандык юрист Азизбек Ашуров жарандыгы жок адамдарга жардам бергени үчүн Бириккен улуттар уюмунун «Нансен» (Nansen Refugee Award) сыйлыгынын лауреаты болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM