Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Ак-Булак айылындагы мектептин ачылышына катышты

Кыска кабар | 5 Окт 2019 | 514 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы С. Токторов атындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Ачылыш салтанат менен жалпы мектептин жамаатын, айыл элин, окуучуларды куттуктаган Мухаммедкалый Абылгазиев бюджеттин көп бөлүгү социалдык тармакка жумшаларын айтты. Алсак, саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык коргоону каржылоонун көлөмү 50 %ды түзөт. 2012-жылы билим берүүгө 21 млрд сом бөлүнсө, акыркы 3 жылдын ичинде бул сумма 30 млрд сомго чейин көтөрүлгөн.

«Бул абдан жакшы көрсөткүч. 320 орунга эсептелген мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Куруучулар жаркыраган жана ыңгайлуу имарат курушуптур. Мында билим алуу да жагымдуу болот. Мындан тышкары, республиканын бардык аймактарында жаңы мектептердин курулушу жүрүп жатат. Быйылкы жылы эле 111 мектепте курулуш иштери жүргүзүлүүдө», – деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы окуу жайга компьютердик жабдууларды тапшырып, мугалимдерди кесиптик майрамы менен да куттуктады.

Сапардын жүрүшүндө премьер-министр сметалык баасы 20 млн сомду түзгөн Көтөрмө-Ак-Булак-Кыргыз-Ата унаа жолунун курулушу менен да таанышты. Андан соң Ак-Булак айылынын тургундары менен жолугушуп, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Андан кийинки сапары аталган райондун Кара-Таш айылдык округунда уланып, ал жерден 100 орундуу бала бакчанын курулушун көрүп чыкты. Ал жердеги курулушчулар менен болгон жолугушуусунда аларды ишин сапаттуу аткарууга үндөп, ата мекендик курулуш материалдарын пайдалануунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM