Биз менен байланышыңыз

Япониянын жаңы элчиси дипломатиялык миссиясын баштады

Кыска кабар | 5 Окт 2019 | 422 | 0

Япониянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Сигэки Маэданын дипломатиялык миссиясы башталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Сигэки Маэдадан Ишеним грамоталардын көчүрмөсүн алып жатып, аны Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Туруктуу достук колдоосу жана Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан долбоорлору үчүн Япония өлкөсүнө ыраазычылык билдирди.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, экономикалык кызматташтыкты активизациялоо боюнча чараларды талкуулашты. Япон инвестицияларын Кыргызстанга тартуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM