Биз менен байланышыңыз

Бүгүн кырсыктардын санын азайтуу күнү белгиленет

Кыска кабар | 5 Окт 2019 | 426 | 0

Бүгүн, 5-октябр өлкө аймагында кырсыктардын санын азайтуу күнү белгиленет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага йлайык, бүгүн республикалык деңгээлде өзгөчө кырдаалдар жөнүндө элдерге комплекстүү маалымат берүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүндө, жаштар кыймылынын арасында коопсуз жашоого аракет кылуу багытында ачык эшик күндөрү жана башка бир катар иш-чаралар уюштурулат.

Эске салсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сунушу, Өкмөттүн 2017-жылдын 13-июнундагы чечими менен 5-октябрь ар жыл сайын кырсыктардын санын азайтуу күнү деп белгиленген.

Өкмөт өлкөнүн потенциалын бекемдөөнү, өзгөчө кырдаалдарга даярдыктарды жогорулатуу, республиканын аймактарын жана жарандарын өзгөчө кырдаалдардан сактап калуунун артыкчылыгын эске алуу менен бул чечимди кабыл алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM