Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанды санариптештирүүгө чет өлкөнүн адистери жардам берет

Экономика | 4 Окт 2019 | 802 | 0

Бүгүн Бишкек шаарында «Борбор Азиядагы санарип трансформациясы» конференциясы өз ишин баштады. Анын ачылышына Президент Сооронбай Жээнбеков да катышты. Конференциянын негизги максаты: Кыргызстандагы санариптештирүү тармагын жайылтуу жана кемчиликтерин талкуулоо. Белгилүү болгондой, иш-чаранын жүрүшүндө кыркка жакын чет өлкөдөн келген IT адистер жыйырмадан ашуун баяндамасын коомчулукка сунуштайт. 

Бүгүн 4-октябрда Бишкекте «Борбор Азиядагы санарип трансформациясы» деп аталган эл аралык конференция ишин баштады. Аны Өкмөткө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети, Борбор Азиядагы Америка университети жана Жаңы технологиялар паркы уюштурган. Иш-чаранын максаты тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев маалымат берип, эң башкы план санариптештирүүнү Кыргызстандын бардык аймагына жайылтуу экенин айтты.

— Бүгүнкү күндө санариптештирүү иштери кызуу жүрүп жатат. Кыркка жакын мамлекеттен келген тармактык адистер өзүлөрүнүн тажрыйбасын бөлүшүп, баяндама жасашат. Башка мамлекеттердин тажрыйбасын үйрөнүү биздин адистер үчүн абдан маанилүү.

Аталган иш-чарага Президент Сооронбай Жээнбеков да катышты. Кыргызстандагы санариптештирүү тармагын алдыӊкы орунга алып чыгуу максат кылынганын айтып, бул максатка жетүүгө кедерги болуп жаткан бир катар көйгөйлөрдү кечиктирбей чечүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн мамлекеттик башкарууда, бизнесте жана коомдо жаңылыктарды кабыл алууга даяр чөйрөнү түзүү керектигине токтолду.

— Биз дагы башка мамлекеттерден артта калбай, заманбап коомду куруп, глобалдуу санарип экономикасында өз ордубузду табууга умтулуп жатабыз. Санариптештирүү боюнча өлкөбүздү биздин региондогу алдыңкы орунга алып чыгууну максат кылдык. Бирок бул максатка жетүүгө кедерги болуп жаткан бир катар көйгөйлөрдү кечиктирбей чечүү зарыл.

Жогорку технологиялар паркынын башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов Кыргызстанда санариптештирүү иш-аракети өсүп жатканын баса белгилейт. Анын берген маалыматына таянсак, аталган парк мындан 5 жыл мурун жаңы ачылганда, курамында болгону 4 компания болгон, бирок ал көрсөткүч учурда 70ке жетти. Жылдык киреше булагы 1 млрд сомдон ашты. Бүгүнкү күндө паркта 750дөн ашуун IT адиси эмгектенет.

— Мамлекетте санариптештирүүгө болгон аракет абдан күч. Биздин парк жаңыдан ачылып жатканда болгону 4 эле компания бар болчу. Андан бери бул көрсөткүч болуп көрбөгөндөй өстү. Кызыккан адисттер көбөйүп жатат. Ал тургай аймактарда да ачылууда. Паркта иштеген IT кызматкерлердин айлыгы 1000 доллардан ашты. Демек, мындан да өнүгүүгө үмүт, жол бар.

Ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Электрондук өз ара аракеттешүү борборунун директору Нурия Кутнаева өтүп жаткан конференциянын мамлекет үчүн салымы зор деп эсептейт. Былтыркы жылы «Түндүк» тутумуна болгону 15 гана мамлекеттик ишкана кошулган болсо, бүгүнкү күндө аталган көрсөткүч эки эсеге өскөн. Бирок бул көрсөткүч аз экенин, келечекте санарипти жайылтууда башка багытта да иш-аракеттер жүрүшү керектигин жашырбайт.

— 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп жарыяланган. Мындан улам, «9 айдан бери бул багытта кандай иштер жасалды?» — деген суроонун айланасында талкуу жүрүп, кемчиликтер ачык айтылат. Ошол эле учурда, Кыргызстандын жетишкендиктери боюнча да маалымат беребиз. Айталы, өлкөдөгү мамлекеттик ишканаларды санариптештирүү аркылуу коррупция азайды. Тейлөө сапаты жакшырды. Коммуналдык кызматтарды колдонуу кыйла жеңилдеди. Бул багыттагы жетишкендиктерди белгилеп коюшубуз керек. Башка жактан келген адистердин тажрыйбаларын алып, салыштыруу керек. Бирок биз эң башкысы: «Башка мамлекет санариптештирүүдө кайсы көйгөйгө келип такалган? Кандай кыйынчылыктарга дуушар болгон?» — деген маселелерге көңүл бурушубуз кажет. Келген коноктор бул туурасында кеңири айтып беришет. 

Эскерте кетсек, бүгүн 4-октябрда башталган иш-чара үч күнгө созулат. Анын эки күнү Бишкекте өтсө, соңку күнү Нарын шаарында болот.

Copyright © 2017 Maral FM