Биз менен байланышыңыз

«Курултай институту кирсе, бийлик бутактарында жоопкерчилик пайда болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Окт 2019 | 431 | 0

Курултай институтун толук өзгөртүү үчүн Конституциялык реформага баруу зарыл. Курултай азыркы Башмыйзам менен иштесе, бийликтин катардагы активине айланат. Бул тууралуу коомдук ишмер Бөкөнбай Абдрасулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, курултай бийликти эл алдындагы жоопкерчиликке тартуу механизмин карашы керек. Учурда бийлик бутактары көзөмөлсүз жана жоопкерчиликсиз. Алар жоопкерчилик тартып, тескелүүнү каалабайт. Ал эми Курултай институту кирери менен жоопкерчилик пайда болот.

Абдрасулов белгилегендей, Конституцияда эл бийликтин булагы катары каралганы менен шайлоо өткөн соң булак соолуп, керексиз болуп калат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM