Биз менен байланышыңыз

Комиссия: Матраимовдун арызы калыс каралат

Күн чекит | 3 Окт 2019 | 1114 | 0
Сүрөт: azattyk.org

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттык» радиосунун үстүнөн Жалпыга маалымдоо каражаттарына жазылган дооматтарды караган комиссияга арыз жазды. Искендер Матраимов Ошто телеберүү тартып жүргөн журналисттин каракталышы боюнча жазылган макалаларга байланыштуу даттанган. Анын арызында «Азаттыктын» орус тилиндеги сайтында текст түрүндөгү 11 макала жана журналист Ыдырыс Исаковдун бир видеорепортажы бар экендиги белгиленген. Ал окуяны чагылдыруунун сапатына баа берүүнү, журналисттик этика кодекси сакталган, сакталбаганын аныктоону суранган.

Биз Жалпыга маалымдоо каражаттарына жазылган дооматтарды караган комиссиянын катчылыгынын өкүлү Асел Сооронбаева менен маек курдук.

Марал: — «Азаттык» радиосунун үстүнөн жазылган арыз сиздерге келип түштүбү, тааныша алдыңыздарбы? Ал канча убакытта каралат жана жыйынтыгы канча убакытта чыгат?

Асел Сооронбаева: — Бүгүн, 3-октябрда Жалпыга маалымдоо каражаттарына жазылган дооматтарды караган комиссияга Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдон арыз келип түштү. Ал арыз жакынкы жыйналышта сөзсүз каралат. «Арызданууга негиз барбы? Эгер бар болсо кайсы беренелер бузулган?» — деген суроолор боюнча талкуу болуп, андан кийинки жыйынга тараптар чакырылат.

Негизи бизге келип түшкөн арыздарды карап, чечим кабыл алуу бир нече жумага созулат. Себеби, комиссиянын мүчөлөрү коомдук негизде иштейт, тагыраагы, алардын башка негизги жумушу да бар. Ошондуктан биз жумуштан кийин кечки убакыттарда чогулабыз. Жыйындар ачык өтөт, каалагандар келип катыша алат. Мындан тышкары, комиссиянын чечимдери тууралуу маалыматтар Фейсбуктагы баракчабызга жайгаштырылып турат.

Марал: — Негизи жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздар кандай текшерилет?

Асел Сооронбаева: — Эң негизги курал – 23 беренеден турган «Кыргызстандагы журналисттин этикасы жөнүндө» кодекс. Комиссия ошол кодекстеги кайсы беренелер бузулганына көңүл бурат. Алгач комиссия арызды карап, макала менен таанышып, аны текшерип чыгууга негиз бар-жогун аныктайт. Андан кийин эки тарапты чакырып жыйын өткөрөт.

Негизинен, комиссия тараптарды сотко жеткирбей элдештирүүнү көздөйт. Ошондуктан эгер макалада этикалык кодекстин беренеси бузулган болсо, арыз түшкөн ЖМКга кайрылып, экинчи тараптын жүйөсүн да келтирүүнү же маалыматты төгүндөөнү суранат. Эгер ЖМК маалыматты төгүндөөдөн баш тартып, жыйынга келбесе, баары бир комиссиянын чечими чыгып жарыяланат.

Эң негизгиси, биз өзүбүздүн кесиптештерди журналисттин этикалык кодексин сактоого чакырып, өзүбүздү-өзүбүз жөнгө салуу максатын көздөйбүз.

Марал: — Жалпыга маалымдоо каражаттарына жазылган дооматтарды караган комиссиянын курамында журналисттер, анын ичинде «Азаттыктын» да журналисти бар. Мындан улам сурайын дегеним, текшерүү бейтарап болобу?

Асел Сооронбаева: — Искендер Матраимовдун «Азаттык» радиосунун үстүнөн жазган арызы келип түшөрү менен комиссиянын курамындагы «Азаттык» радиосунун журналисти Санжар Эралиев дароо чыкты. Себеби, ал кызыкчылыктар кагылышы болушун каалаган жок. Ал бул арызды кароодо, чечим кабыл алууда катышпайт. Ошондуктан Матраимовдор менен «Азаттык» радиосунун чырында бейтарап чечим чыгат деп ишендире алам.

Copyright © 2017 Maral FM