Биз менен байланышыңыз

Оорудан оолак болом десеңиз, төмөнкү эрежелерди сактаңыз

Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 1029 | 0

«Сасык тумоодон (грипп) же суук тийүүдөн сактай турчу дары-дармек кайсы?» — деген суроо көпчүлүктүн көкүрөгүн өйүп келери анык. Аныгында, «ооруп калуудан 100 пайыз сактайт, же каксыз айыктырат» деген атайын тастыкталган дары жок. Организм вирус кирип кеткенден кийин адамдын иммунитетине жараша оору менен күрөшөт. Ал эми чындап эле оорудан оолак болом десеңиз, төмөндөгү жөнөкөй эрежелерди сактай билиңиз:

  • Ооруп калган адамдын жанына жолобоңуз, эч болбосо, бир метр алыстыкта туруп сүйлөшүңүз;
  • Коомдук жайларда бет кап (маска) пайдаланыңыз;
  • Колуңузду бат-баттан инфекциядан коргоочу каражаттар менен тазалап туруңуз;
  • Үйгө келгенде колуңузду самындап жууп, анан кийимиңизди которуңуз;
  • Үйдө тумоолоп жаткан адам бар болсо, оксолин майын колдонуңуз;
  • Жуулбаган колуңуз менен көзүңүздү, мурдуңузду ушалабаңыз;
  • Үйдү инфекциядан коргоочу каражаттар менен жууп, тез-тезден желдетип туруңуз;
  • Иммунитетти көтөрүүчү азыктардын бири — аскорбин кислотасын колдонуңуз;
  • Жыл сайын күзүндө сасык тумоого каршы эмдөө алыңыз. Эмдөө сизди 6 айга чейин коргойт.

Вирустун бөлүкчөлөрү кургак абада, жылуу жана жел тийбеген жерде өзүнүн активдүүлүгүн көпкө чейин сактайт. Ошондуктан адам отурган бөлмөнү желдетип туруу керек.

  • Иштеген кеңсени жумуш жаңы башталганда, түшкү тамактануу маалында желдетсеңиз туура болот;
  •  Нымдуулукту көзөмөлдөп: полду жууп, идишке суу куюп жылыткычтардын жанына коюп коюңуз;
  • Абаны нымдатуучу аппаратты иштетсениз болот;
  • Мурун кургап жатса, 1 литр кайнак сууга 1 чай кашык аш тузун салып, атайын идиш аркылуу тамызып турган жакшы;
  • Канчалык аба кургак, адам көп болсо, ошончолук тез-тез, ар 10 мүнөт сайын тамызып турсаңыз андан жакшы;
  • Үйдөн жасабайм десеңиз, тамызууга атайын туз аралашмаларын аптекалардан да алсаңыздар болот;

Сергек жашоо мүнөзү оорулардын алдын алууда мааниси чоң. Дене көнүгүүлөрү, айрыкча, чуркоо, сууда сүзүү дем алууну тереңдеткендиктен вирустарды оңой менен өткөрбөйт. Ошондуктан дене көнүгүүлөрүн сөзсүз жасаганга аракет кылыңыз. Көп басыңыз, кыймылдуу иштерди жасаңыз, отуруп иштеген иш болсо, жок десе ордунуздан туруп, же отуруп деле дене көнүгүүлөрүн кылыңыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM