Биз менен байланышыңыз

Мукамбетов: Ыктыярдуу төлөм эмгек тажрыйба катары эсептелет

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Окт 2019 | 372 | 0

Каалоочулар өз ыктыяры менен аймактагы орточо айлык акынын эсебинен пенсиялык фондго 8 %, топтомо фондго 2 % каражат төлөй алышат. Ыктыярдуу төлөм жарандын жеке эсебине топтолот да, эмгек тажрыйба катары эсептелет. Бул тууралуу Социалдык фонддун өкүлү Жеңиш Мукамбетов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгерде жаран Социалдык фондго каражат төлөп, бирок пенсия курагына жетпей кайтыш болсо, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча анын үй-бүлө мүчөлөрүнө пенсия чегерилип берилет.

«Мындан сырткары, топтомо фондуна которулган каражаттар инвестициялык кирешеси менен мураскорго толук берилет. Башкача айтканда, үстүнө кошумча каражат кошулуп төлөнөт. Эгерде чет өлкөгө кете турган болсо, кошо алып кетсе болот. Ал эми пенсиялык фонддогу каражат тилектештик системасынын негизинде башка пенсионерлерге бөлүштүрүлөт», — дейт Мукамбетов.

Белгилей кетсек, Социалдык фондго тийиштүү төгүмдөрдү төлөбөгөн жаран пенсия албайт. Болгону жаш курагы боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан жөлөк пул алат.

Эске салсак, эркектер 63, аялдар 58 жашынан пенсияга чыгышат. Ал эми тоолуу шартта жашаган эркектер 55, аялдар 50 жаштан чыга алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM