Биз менен байланышыңыз

Кытай: 17 жыл жашырынып жүргөн кылмышкер дрондун жардамы менен табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Окт 2019 | 2803 | 0

Кытайда 17 жылдан бери жашырынып жүргөн кылмышкер дрондун жардамы менен табылды. Бул тууралуу BBC News басылмасы маалымдады.

Сун Цзян деген кылмышкер аялдар жана балдарды сатууга катыштыгы бар делип, Юньнань аймагындагы абакка камалган. Бирок, ал 2002-жылы түрмөдөн качып кеткен. Полиция узак убакытка чейин аны издеп, бирок таба албай коюшкан.

Быйыл сентябрь айында аталган кылмышкердин болжолдуу жүргөн жери тууралуу полицияга маалымат келип түшкөн. Бирок аны издөө жыйынтык бербеген соң, полиция дрон аркылуу анын изин тапкан.

Маалыматка ылайык, кылмышкер 17 жыл бою өзү жашаган шаарга жакын жердеги тоонун ичинде үңкүрдө жашырынып жүргөн. Полициянын айтымында, ал көп убакыт бою жалгыз жашагандыктан, сүйлөгөндү унутуп койгон. Учурда кылмышкер жаза мөөнөтүн өтөө үчүн кайрадан абакка алынып келинген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM