Биз менен байланышыңыз

Депутат: Акча бөлүштүрүүнүн тартибин өзгөртүү керек

Күн чекит | 30 Сен 2019 | 1268 | 0

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматка суракка чакырылды. Буга чейин министрдин бөлмөсү тинтүүгө алынганы кабарланган. Бирок министрлик Жээнбаеванын бөлмөсү тинтүүгө алынбаганын, болгону керектүү гана документтер алынганын билдирди. Ошол эле учурда серепчилер Каржы министрлигинде коррупциялык иштер арбын экенин айтышууда. Бул маселенин айланасында Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Марлен Маматалиев менен «Күн чекит» программасында маек курдук.

Марал: — Марлен мырза, сиз Каржы министрлигинде иштегенсиз, айтсаңыз, чыны менен министрликте коррупциялык элементтер барбы?

Марлен Маматалиев: — Каржы министрлигиндеги окуялар жөн жерден болуп жаткан жок. Мындай фактылар мурунтан эле бар болчу, аны баары билет. Мисалы, Каржы министрлигине барып, тиешелүү деңгээлде сумма чыгарып алууга болот, муну мен эле айтып аткан жокмун, баары ачык эле билет. Бирок акыркы жылдарда коррупция менен күрөшүү күчөгөндүктөн, мындай аракеттер токтоду го деп ойлогом, андай эмес экенин көрүп жатабыз. Негизи ички коррупциялык схемалар бир эле Каржы министрлигинде эмес, бардык министрликтерде бар, ал гүлдөп келе жатат.

Марал: — Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын суракка чакырылганы тастыкталды. Бирок ал президент Сооронбай Жээнбеков менен кошо Арменияга иш сапарга кеткен экен. Бактыгүл Жээнбаеванын ишмердүүлүгү тууралуу эмнелерди айта аласыз?

Марлен Маматалиев: — Бактыгүл Жээнбаеванын иштегенине аз эле болду. Соттун чечими чыкмайынча эч кандай баа бере албайм. Негизи ал жердеги кабыл алынып жаткан чечимдер башкармалыктардын башчылары, минстрдин орун басарлары, министр менен чогуу чечилет. Анан, албетте, министр кол койгондон кийин ал каалаган жакка каалагандай сумманы бөлө алат.

Марал: — Каржы полициясы Каржы министрлиги Соттук өкүлчүлүк борборуна 1,5 млн сомдун ордуна кошумча акча катары 6 млн сом бөлгөнүн жана бул акча максатсыз пайдаланылганын билдирди. Негизи министрликте акчаны бөлүштүрүү планы кандай ишке ашат?

Марлен Маматалиев: — Ар бир жумага, ар бир айга каржылык план бекитилет. Ошол пландын алкагында акча бөлүнөт. Ал планды башка жактан ала албайсың, бир гана кабыл алынган бюджет менен бөлүштүрүлөт. Мисалы, Транспорт министрлигине быйыл 500 млн сом сом берилет деп бекитилсе, аны акчанын түшкөнүнө байланыштуу ай сайын бөлүп-бөлүп берип турасың. Акча жетишпей баратса, министр жетекчи катары чечим кабыл ала алат. Маселен, кээ бир мекемеге азыраак, айрымдарына көбүрөөк бөлө алат. Бирок бекитилген пландан аз акча бөлүнгөндө мыйзам одоно бузулат, ошентсе да аны кылганга министрдин мүмкүнчүлүгү жетет.

Марал: — Азыркы айтылып жаткан фактылар, «айсбергдин бери жагы гана» делинип жатпайбы, демек, андан дагы ири коррупциялык схемалар аныкталышы мүмкүнбү? Каржы министрлигинин акча бөлүү системасын кандай өзгөртсө болот?

Марлен Маматалиев: — Чынын айтканда, Каржы министрлигинде коррупциялык схемалар арбын, анын баарын токтотуш керек. Менин оюмча, акча бөлүү системасын оңой жол менен эле өзгөртсө болот. Коңшу Казакстанда бюджеттен акча каралып, ал бөлүнбөй калса, жоопкерчиликке тартууга да мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан министрлик акчаны бөлгөндө аны алмайынча тынчыңды алат. Бизде тескерисинче, акча бөлүнөт, чуркап жатып араң аласың.

Copyright © 2017 Maral FM