Биз менен байланышыңыз

«Өкмөт ички карызды өстүрүп, сырткы карызды жааптыр»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Сен 2019 | 560 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Маралга» берген маегинде өкмөткө ишеним көрсөтпөй турган ою жок экенин билдирди.

Анын айтымында, башка премьер-министр келсе деле абал өзгөрбөйт.

«Күнөөлөш оңой. Өкмөттүн абалын көрүп турам. Макроэкономикалык көрсөткүч начар. Жыртыкты бүтөп чуркап жүрөбүз. Өкмөт банктарга карыз болуп бүттү. Ички карыздын көлөмү көбөйдү. Ички карызды өстүрүп, сырткы карызды жааптыр. 2,5 млрд сом бюджет толбой калган», — дейт Шыкмаматов.

Ал буга кошумча, өкмөт башчы бир нерсеге макул болбосо да, «макул» деп турган аскердей болушу керектигин белгилеп, «менин колумдан парламентте иштөө келет, кеп менин табиятымда», — деди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM