Биз менен байланышыңыз

Саакашвили өз өлкөсүнө кайтарын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 481 | 0

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили «өлкөнүн кыйроосун тотктотуу» үчүн жакынкы айларда Грузияга кайтат. Бул тууралуу ал грузин каналына берген маегинде айтты.

«Жашыра турган эч нерсе жок. Албетте, мен Украинада өзүмдү жакшы сезем, бирок туулган жериңди жоготкондо анын мааниси деле жок болуп калат. Азыр мен Одессадамын жана мени көргөн ар бир экинчи адам мэр болуумду суранат. Бул жакта сурамжылоонун лидери болуп саналам. Эл менден суранышат, сунушташат, бирок бул өзүнчө бир тема», — деген Саакашвили ошентсе да Грузияга кайтарын, өлкөнү «кыйрап, жок болуудан» сакташ керектигин айтып, четте турбай, бул үчүн болгон аракетин жумшаарын билдирди.

Саакашвили Грузияда 2004-жылдын январь айынан баштап, 2013-жылдын ноябрь айына чейин президент болгон. Мөөнөтү аяктаарына бир нече күн калганда өлкөдөн чыгып кеткен. Кетери менен анын үстүнөн 4 кылмыш иши козголгон. Тбилиси соту 2018-жылдын январь айында 2006-жылы Грузиянын Биргелешкен банкынын кызматкерин өлтүргөн деген айып менен сыртынан өкүм чыгып, 3 жылга эркинен ажыратылган. Кийин 2019-жылдын 28-июнунда 2005-жылы депутатты ургандыгы үчүн деген айып менен дагы 6 жыл кошулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM