Биз менен байланышыңыз

Саралаев: Орусия биздеги аткезчиликтин айынан мигранттардын акча которуусун чектеп жатат

Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 569 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов мигранттардын акча которуусуна коюлган чектөөлөрдү алып салууну Орусия бийлигинен суранды.

«Федералдык жана аймактык деңгээдеги маселелер бар. Федералдык деңгээлдеги маселелерди чечүү, албетте, убакыт талап кылат. Биз Орусиянын Тышкы иштер министрлигинде болуп, дагы бир жолу акча которууларга болгон чектөөлөрдү алып салууну сурандык», — деп билдирди Москвада өткөн кыргыз диаспорасынын форумунда.

Кийинчерээк элчилик Кыргызстан Бажы биримдигине жана ЕАЭБге мүчө болгондугуна карабай, коюлган чектөөнү өтө эле оор деп эсептей турганын билдирген. Элчиликтин маалыматы боюнча, Орусиядан Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү чектөөлөрдөн улам азайган. Ушул жылдын жети айында 1 миллиард 324 миллион доллар которулган. Өткөн жылы 7 ай аралыгында 2 миллиард долларга жакын акча которулган.

Ал эми Орусиядагы кыргызстандык мигранттарды колдоо фондунун директору Тимур Саралаев учурда деле чектөөсүз акча которууга мүмкүндүк бар экенин айтып, муну болгону акча которууларды легалдаштыруу үчүн жүргүзүп жатканына токтолду.

Орус бийлигинин позициясы менен караганда, финансылык коопсуздук маселелерине байланыштуу туура. Анткени, миллиарддаган акчалар Орусиядан Кыргызстанга которулуп кетип жатат. Статистика боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң көп акча которуу Кыргызстанга туура келет. Ал акча которууларды жалгыз гана эмгек мигранттары түзбөйт. Алар орто эсеп менен 50-80 миң рублга чейин айлык акы алышы мүмкүн. Ал эми акчаны көбүрөөк которгон жеке ишкерлер азыр деле көп суммадагы акча которо алышат. Жеке ишкер деп банктан расмий эсеп ачса, Кыргызстандагы банктарга акчаны чектөөсүз которо алат. 100 миң рубль кандай чектөө болгонун түшүнүш керек, кыскача айтканда, Орус бийлиги акча которууларды легалдаштырууда. Башкача айтканда, кимден кимге акча которулуп жатканын түшүнгүсү келип жатат.

Тимур Саралаев билдиргендей, чектөөнүн келип чыгуусунун негизги себептеринин бири: Кыргызстандагы аткезчилик, кайсы жакта өндүрүлгөндүгү белгисиз товарлардын келиши. Кытайдын дүңгүрөгөн экономикасына карабастан, Кыргызстанга көбүрөөк акча которулат. Ошол эле акчалар Кыргызстан аркылуу кайра эле Кытайга кетип жатат. Кыргызстанга бир топ товар бажыдан түшүнүксүз жол менен өтүп жатат.

Ошол себептен,

  •  Расмий белгиленбеген товарларды жүгүртүүгө чектөө коюу;
  • Акча каражаттарынын келүү булактарын билүү, аныктоо;
  •  Акча каражаттарын тыкыр көзөмөлгө алуу сыяктуу максаттарга жетүү үчүн Орусиянын Борбордук банкы чектөөнү атайын киргизген.

Мындан сырткары, Тимур Саралаев акча которуулардагы чектөөлөр жашыруун акча которуулардын мурдагыдан да өсүүсүн пайда кылгандыгын кошумчалады.

«Бул маселе «черный перевод», башкача айтканда, жашыруун акча которуулардын көбөйүүсүн пайда кылды. Мурдагыга салыштырмалуу  абдан эле көбөйдү. Бул банкка салыштырмалуу тейлөөсү арзан, акчанын өлчөмүнө карата 0,5-0,7 пайыз. Бул акчасын көрсөткүсү келбеген ишкерлерге абдан ыңгайлуу. Эң оңой, эч жерде катталбаган система. Бирок мындай которуулар Кыргызстандын да, Орусиянын да бюджетине эч кандай пайдасын тийгизбейт. Түшүнүксүз финансылык иниституттарга, криминалдык коомдорго пайдасын алып келет. Бул акчаларды криминалдык акчалар деп так айтсак да болот», — деди Саралаев.

Эске салсак, ушул жылдын апрель айында Орусия Кытай, Кыргызстан, Вьетнам, Армения жана Казакстан өлкөлөрүнө акча которууга чектөө киргизген. Муну Орусия бийлиги мыйзамсыз каржылык операциялардын алдын алуу деп түшүндүргөн. Кыргызстан, Кытай жана Вьетнамдын жарандары үчүн акча которуулардын чектөөсү 100 миң рубль, Казакстандын жана Армениянын жарандары үчүн 150 миң рубль.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM