Биз менен байланышыңыз

«Азаттыктын» техникасын тартып алгандар көрсөтмө беришүүдө

Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 593 | 0

«Азаттык» радиосунун операторунун иш учурунда техникаларын тартып алган жарандар аныкталып, алар тергөө кызматына өз көрсөтмөлөрүн берип жатышат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Тергөө иштеринин алкагында алынган далил буюмдарга ээлеринин катышуусу менен кароо жүргүзүлөт жана тартылып алынган видео-фото тасмалар болсо-атайын экспертиза дайындалат.

Милициядан билдиришкендей, бүгүнкү күндө мурда катталган үч арыздын алкагында иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жабырлануучу катары арыз берген «Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчумановго анын жаратынын оор-жеңилин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды.

Ушундай эле экспертиза Супаналиев көчөсүнүн жашоочусу, башына дрон түшкөн жаранга карата дагы дайындалып, аталган көчөнүн жашоочуларын күбө катары суроо улантылууда. Тергөө кызматы эки тараптын тең адвокаттары менен мыйзам алкагында иштеп жатат.

Ал арада «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай «Азаттыктын» кызматкери кол салууга кабылып, жабдууларынын каракталышына байланыштуу «Твиттерге» пикир калтырды.

Ал: «Бул дем алыштарда Ошто журналист Айбек Кулчуманов кол салууга дуушар болуп, кол салгандар анын жабдуусун тартып алышкан. Биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн тез арада иликтөө жүргүзүп, анын жабдуусун бошотууга чакырабыз», — деп жазды баракчасына.

Эске салсак, 28-сентябрда Ош шаарында «Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө анын колундагы техникасын, документтерин жана автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Дарыгерлер оператор Кулчумановдун саламаттыгын текшерип, ал дарыланышы керек экенин билдиришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM