Биз менен байланышыңыз

«Кызматына бекем жан сакчы камакка алынды»

Саясат | 27 Сен 2019 | 746 | 0

Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын №9 бөлүмүнүн мурдагы мүчөсү, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаевди Бишкектеги №1 тергөө жайына 8-октябрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алды.

Сагынбаевдин жакындары ага карата соттун чечими мыйзамсыз экенин айтышууда. Себеби, атайын бөлүктүн жоокерлерин жиберүү алдында ал чакыртып алынышы керек болчу.

Ошондой эле,  Сагынбаевдин жубайы Мээрим Бердибекова социалдык тармактар аркылуу президентке кайрылып, жолдошуна карата жалган каралоо болуп жатканын белгилеген.

— Бир айдан бери күндөп-түндөп суракта жүргөн. Мекен үчүн иштеп жүргөн адамды ак жерден каралап жатышат. Ал адам эмес, чымынды да өлтүрчү эмес. Аны камап салса, төрт баламды ким багат? Атайын бөлүктүн жоокерлерин жиберерде, аны чакыртып алышса болмок. «Атамбаевдин кишиси» деп эле жабышып калышты, канча айдан бери жок жерден каралап.

Президенттин кол тийбестиги алынган соң, аны кайтарууга алган мамлекеттик кызматкерлер чакыртылышы керек эле. Мындай буйрук болбогон соң, УКМКнын №9 бөлүмүнүн кызматкерлери 7-8-августта Кой-Ташта өз милдетин өтөп жүргөн. Мындай пикирин УКМКнын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов билдирди. Анын белгилешинче, Канат Сагынбаев мурунку президент Атамбаевди мамлекеттик буйрук менен кайтарган.

— Эгерде буларга оозеки же кагаз түрүндө буйрук болбогон болсо, бул балдар Атамбаевди коргоонун бүт мүмкүнчүлүгүн ишке ашырганга мыйзам бар. Бул жигит Атамбаевдин жанына мамлекет тарабынан дайындалган жоокер, ал өз ишин аткарып жүргөн болчу. Ал деген Кой-Ташта өз ыктыяры менен эмес, мамлекеттик буйрук менен жүргөн. Анан ага карата айыптар кайсы учурга коюлуп жатат белгисиз. Тергөөсү башталды, жыйынтыгын көрөбүз.

Эгерде Канат Сагынбаев УКМКнын №9 бөлүмүнүн мүчөсү болуп туруп мурунку президенттин жан сакчысы милдетин аткарган болсо, демек мамлекеттик тапшырманы аткарган. Мындан улам «Атамбаевди кармоо опперациясы башталардан мурда Сагынбаев милдетинен бошотулду беле?» — деген суроо жаралат.

Биз бул суроо менен Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Артур Медетбековго кайрылып көрдүк. Ал комиссия катуу иш алып барып жатканын маалымдап, жашыруун материалдар менен иштеп жаткандыктан сурообузга жооп айта албай турганын айтты. Бирок сөз болуп жаткан жагдай боюнча жеке пикирин билдирди.

— Мен андай маалыматты бере албайм. Тергөөнүн көп материалдары — жашыруун, купуя. Мамлекеттик комиссия катуу иш алып барууда. Жеке өзүм мындай деп айтат элем, албетте, эгерде телефон аркылуубу же ошол жердеги кызматкерлер аркылуубу, айтор, «Сен кызматыңдан бошодуң», же «Бизге жардам бергин» деген сөздөр болуп, ал баш ийбей койсо — бир жөн. Жок эчтеке айтылбай эле кызматтык милдетин аткарып жаткан болсо, ал дагы башка. Ошондуктан мунун баары териштирүү-такташтыруу иштеринде билинет.

7-8-августтагы окуяга «жеринен күбө болдум» деген саясатчы Равшан Жээнбеков жан сакчы Канат Сагынбаевдин аракеттерин «толук мыйзамдуу жана адилеттүү», — деп баалады. Анын  айтымында, колго түшкөн атайын кызматтын өкүлдөрүн сабатпай коргоп, «Тез жардам» кызматына чыгарып берүүдө да Сагынбаевдин көмөгү чоң болгон. Ал эми анын камака алынышы кээ бир саясатчыларга, кээ бир активисттерге катуу эскертүү экенин белгилейт.

— Менин оюмча, бийлик Атамбаев аркылуу, анын тегерегиндеги адамдарды камоо аркылуу «Мамлекетте негизги оппозиция болуп жаткан Атамбаевди аренадан кетирдик, саясий арена толугу менен биздин көзөмөлгө өттү», — деп ойлоп жатат. Кээ бир саясатчыларды, жарандык коомдун өкүлдөрүн ошол окуяга байланыштырып куугунтуктап, башка бардык жарандарга, саясатчыларга, активистерге эскертүү болуп жатат. «Кимде ким активдүү саясат менен алектене турган болсо, ал аракет биздин көз карашыбызга туура келбей калса, баарыңарды ушундай турмуш күтүп турат, баарыңар ушинтип түрмөгө отурасыңар», — деген эскертүү болуп жатат.

Ал эми, Акыйкатчы Токон Мамытов «Маралга» берген маегинде Акыйкатчы институту Кой-Таш окуясынан соң биринчилерден болуп жергиликтүү эл менен жолукканын жана бул окуяга «тиешеси бар» делинип айыпталып жаткандардан жана «жоокерди атып салды» делинген адамдан да жеке өзү кабар алганын билдирди.

Белгилей кетсек, Сагымбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 8-августта камакка алынганга чейин кайтарган.

УКМК 20-сентябрда Канат Сагынбаевди атайын кызматтын катарынан четтеткен. 26-сентябрда сот аны 8-октябрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алды.

 

Copyright © 2017 Maral FM