Биз менен байланышыңыз

Индонезия: Зилзаладан каза болгондордун саны 23кө жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 454 | 0

Индонезиянын Малуку провинциясында күчү 6,5 баллга жеткен зилзаланын айынан 23 киши каза тапты. Бул тууралуу France Presse басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 100дөн ашык адам ар кандай жаракат алып, аталган аймактагы 15 миңдей тургун турак жайсыз калган.

Сейсмологдордун билдиришинче, жер титирөө 356 миң тургун жайгашкан Амбон шаарынан 39 км алыскы аралыкта катталган. Зилзаланын күчү 33 километрге тереңдикке жайылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM