Биз менен байланышыңыз

«Достук унаа жолу» бекетинен мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 501 | 0

«Достук унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө бекетинен чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет жасаган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

1990-жылы туулган Өзбекстандын А. Д. аттуу жараны мамлекеттик чек араны көзөмөл-өткөрмө жайдан тышкары жерден кесип өтүүгө аракет жасаган.

Жагдайды териштерүүдө кармалган жарандын чыгуу визасы жок экендиги аныкталды.

Тийиштүү иш-кагаздар толтурулгандан кийин кармалган жаран Ички иштер минстрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM