Биз менен байланышыңыз

«Буйруктарды аткарган сот, жактоочу, тергөөчүлөрдүн кара тизмеси жарыяланат»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Сен 2019 | 471 | 0

Жаңы кодекстер күчүнө киргенден бери абактагы 10 миңдей жарандын кылмыш иши кайра каралып, алардын ичинен 467 кылмышкердин жаза өтөө мөөнөтү өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда убактылуу кармоочу жайда 121 адам бир жылдан ашуун убакыттан бери камалып отурат.

Акыйкатчы институту буйруктарды аткарган сот, жактоочу, тергөөчүлөрдүн кара тизмесин түзүп жатат. Тизме 2020-жылдын март айларында мекеменин расмий сайтына жарыяланат.

«Мындан сырткары, экспертиза чыкпай 4-5 жылдап отургандар бар. Ушундай терс көрүнүштөр болуп жатат. Ушул сыяктуу көйгөйлөрдү алып чыгуудабыз. Терс көрүнүштөр боюнча мониторинг өткөрүлдү, анын жыйынтыгын тиешелүү органдарга жана парламентке маалымдайбыз. Анткени, биз үчүн Жогорку Кеңештин колдоосу маанилүү», — дейт Мамытов.

Ал «Акыйкатчы жөнүндө» мыйзамды Конституциялык мыйзамга өзгөртүү керектигин айтты.

Мамытов суроолорго жооп берип жатып, 40 миң сомго жакын айлык аларын белгиледи.

Мамытов кошумчалагандай, Акыйкатчы институту жарандардын кайрылууларын кабыл алуу боюнча 115 кыска номурун ишке киргизгенден бери кайрылгандардын саны 2 эсеге көбөйгөн. Бирок мекеме жасаган иштерин коомчулукка жеткире албай жатат. Мындан улам алдыда социалдык тармакта жигердүү иш алып барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM