Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Коопсуздук Кеңешинин дебаттарында сөз сүйлөдү

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 473 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Орусия Федерациясынын төрагалыгы астында өткөн «Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоодо БУУнун регионалдык уюмдар менен кызматташтыгы: террористтик коркунучтарга каршы күрөшүүдө ЖККУ, КМШ жана ШКУнун салымы» аттуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жогорку деңгээлдеги дебаттарына катышып, сөз сүйлөдү. 

Айдарбеков: «Кыргызстан эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүдө дүйнөлүк коомчулук тарабынан көрүлүп жаткан бардык чараларды колдоого жигердүү катышып жатат», — деп белгиледи. Атап айтканда, аталган чөйрөдө Кыргыз Республикасы эки жана көп тараптуу форматтарда эл аралык уюмдар жана дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери менен жигердүү кызматташууну ишке ашырууда.

ЖККУда төрагалык кылуучу мүчө өлкө жана 2019-жылы Бишкекте ШКУ Саммитин өткөргөн өлкө катары Кыргыз Республикасы учурдагы чакырыктар менен коркунучтарга каршы туруу боюнча бирдиктүү позицияны жана биргелешкен аракеттердин механизмин иштеп чыгуу, мүчө өлкөлөрдүн тиешелүү кызматтарынын эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча аракеттерди кылып жаткандыгын айтты.

Министр террористтик коркунучка каршы күрөшүүдөгү эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин координациялоо ишинде БУУ борбордук ролду ойношу керектигин белгиледи.

Жогорку деңгээлдеги дебаттарга БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн тышкы саясий мекемелеринин башчылары, аталган регионалдык уюмдарга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери, өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясы Нью-Йорк шаарында 24-30-сентябрь аралыгында өтмөкчү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM