Биз менен байланышыңыз

Бир собол: Насвайды таштай албай жатам. Эмне кылсам болот?

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 3227 | 1

Угармандын суроосуна Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун тамекиге каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы Чынара Бекбасаровага байланышып, жооп алдык.

— Биздин борбордо тамекини таштоого жардам берүү кызматы бар. Ал үчүн 2103 кыска номурун териңиз, чалуу акысыз. Адистер тамеки, насвайды таштоо боюнча кеңеш беришет. Алгач, жаран менен маектешип, айрым суроолорго жооп алуу зарыл. Анын негизинде жаран тамеки же насвайга көз карандылыктын канчанчы баскычында экени аныкталат да, ошого жараша кеңеш берилет. Демек, кеңештер тамекиге болгон көз карандылыктын деңгээлине жараша айтылат. 

Адистердин көзөмөлүндө болуу үчүн жаран 2103 кыска номуруна байма-бай байланышып турса болот.

«Насвай тамекиден жасалат. Мындан улам тамекини таштап, насвайга өттүм деген туура эмес. Насвай да тамеки сыяктуу зыян, курамында никотин бар. Мындан улам көз карандылыкты пайда кылат. Насвай акиташ кошулуп жасалса, ден соолукка коркунуч алып келет», — дейт Бекбасарова.

Кошумчалай кетсек, эгер сизди ойлонткон же жообун билгиңиз келген суроолоруңуз болсо, «Марал» радиосунун 0552 68 06 06 ватсапп номуруна жазыңыз. «Бир собол» рубрикасынын алкагында сизге жооп алып беребиз.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Нурайым

    08.07.2021 12:14

    Менин куйом насвайды таштай албай жатат
    Эмне кылып таштаса болот?таштай Турган даарылар барбы??менин боюмда да бар болчу балага зыяны тийбейби???

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM