Биз менен байланышыңыз

Айдарбеков БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 309 | 0

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын Жалпы дебаттарына катышуунун алкагында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө бүткүл дүйнөлүк уюмдун жана эл аралык мамилелердин учурдагы күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстан БУУну реформалоо боюнча туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүүдө, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө Башкы катчыны колдоорун белгиледи.

Министр дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө багытталган ар кандай программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндө БУУнун ишине оң баа берди жана Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан бардык багыттар боюнча өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн бир катар улуттук деңгээлдеги стратегиялык документтери кабыл алынгандыгын белгиледи.

Тараптар курчап турган чөйрөнү коргоого жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтууга, терроризмге жана экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ар кандай долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу маселелерин, ошондой эле Борбордук Азияда аймактык кызматташууну күчөтүү, анын ичинде радиоактивдүү калдыктар көйгөйүн чечүү жана суу ресурстарын колдонуу маселелерин талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM