Биз менен байланышыңыз

Депутат: Мигранттар акча которууда кыйналып жатышат

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 515 | 1

Орусиядагы кыргыз мигранттарынан быйылкы жылдын 5 айы ичинде 200 млн долларга аз акча которулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Сагындык Келдибаев айтып чыкты.

Ал  эмгек мигранттарынын өлкөгө акча которуусунда кыйынчылык болуп жатканын жүйө келтирди. Депутаттын маалыматында, Орусия кыргыз мигранттарынын акча которуусун 500 доллар, жанында алып келүүсүн 300 миң рубль менен чектеп коюшкан.

— Биз ЕАЭБге мүчө болгондон кийин эч кандай чектөө коюлбашы керек эле. Эмне себептен биримдиктин башка мүчөлөрүнө чектөө киргизилбейт да, Кыргызстандын мигранттарына коюлат? Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев орусиялык кесиптеши менен жолугуп, бул маселени сүйлөшөм деп айткан, дагы деле эч кандай жыйынтык жок.

Депутат Келдибаев эмгек мигранттарын инвестор катары кабыл алып, алардын өлкө экономикасына салым кошуусуна шарт түзүүгө чакырды.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    26.09.2019 11:51

    Эн туура маселе, акча которгонго чектоо койбошу керек, Мындан сырткары телефонду суйлошуп Россиядан Кыргызстанга эн кымбат башка олклорго салыштырмалуу, Эн арзан Армения менен.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM