Биз менен байланышыңыз

Абдиева: Саясатта да аял менен эркек кеңешип иш кылышы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Сен 2019 | 549 | 0

Үй-бүлөдө эркек да, аял да бар, алар кеңешип оокат кылат. Саясатта да ошондой болушу керек. Мындай пикирин гендердик маселелер боюнча талдоочу Банур Абдиева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аялдар саясатка аралашпаса, жергиликтүү кеңештер жетимсиреп, камкордук мамиле жок болуп калуусу ыктымал.

«Көп түрдүүлүк коом үчүн чоң ресурс, сапаттуу чечимдер кабыл алынат. Жергиликтүү деңгээлде «каралардын» ар түрдүү басмырлоо чечимин кабыл алган мезгилдер болду. Айылдык кеңештерге мектеп директорлору, дарыгерлер, ар кайсы кесиптин ээлери келиши керек. Сарамжалдуулук аялдарга тиешелүү сапат. Аялдар үчүн 30 пайыздык квота жок болгон кезде да, аял башкарган айыл өкмөттөр мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келген. Сарууда өткөн шайлоодо жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы жобо тууралуу маалыматтын аздыгынан улам эркектердин маанайы төмөн болду», — дейт Абдиев.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында Борбордук Шайлоо Комиссиясынын мүчөлөрү аялдар үчүн мандаттарды резервге калтыруунун механизмин ишке ашыруу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы жобо кабыл алышкан. Анда айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча аялдар үчүн мандаттардын 30 пайыздан аз эмеси резервге калтырылары бекитилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM