Биз менен байланышыңыз

12 жаштагы спортчу хиджаптын айынан авиакомпанияны сотко берди

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 596 | 0

12 жаштагы Фатима Абделрахмандын үй-бүлөсү текшерүү учурунда жоолугун чечүүсүн талап кылганы үчүн Air Canada авиакомпаниясын сотко берди. Бул тууралуу KGO-TV телеканалы маалымдады.

Түштүк булуңдук Фатима мелдешке катышуу үчүн Сан-Франциско эл аралык аэропортунан Торонтого учмак. Аэропорттун кызматкери паспорттогу сүрөт баш кийимсиз болгондуктан жоолугун чечүүсүн талап кылган. Фатиманын айтымында, команданын башка катышуучуларын, машыктыруучусун өткөрүп, аны алып калышкан. Бул аракетти Фатима басмырлоо деп атады.

Спортчу кыз жоолугун чечүү үчүн бөтөн эч ким көрбөй турган чакан бөлмө суранган, бирок компания ага макул болгон эмес. «Жоолугум болгону менен, жүзүм толугу менен көрүнүп тургандыктан хиджапты чечтирүүнүн мааниси деле жок болчу», — дейт Фатима. Ошондой эле, шляпачан жүргүнчүлөр да болгонун, кызматкерлер алардан баш кийимин чечүүсүн талап кылбагандыгын айтат.

Air Canada телеканалга бул тууралуу түшүндүрмө берген эмес. Ал эми кыздын ата-энесине бул окуядан соң компания көз карашын өзгөрткөнүн айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM