Биз менен байланышыңыз

Президент эгемендиктен бери Түркиядан тартылган инвестициянын көлөмүн айтты

Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 371 | 0

«Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтык өнүгүүдө», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-сентябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан кыргыз-түрк бизнес-форумунда.

«Былтыр Түркиядан жалпысынан алганда 93 млн доллардан ашык инвестиция келген. Түркиядан Кыргызстанга эгемендик жылдардан бери бүгүнкү күнгө чейин тартылган түз инвестициялардын көлөмү 600 млн доллардан ашат», — деди Президент.

Ошол эле мезгилде эки өлкөнүн ортосудагы экономикалык дарамет толук колдонулбай жатканын айтты.

«Эрдоган мырза менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн жакынкы жылдары азыркы 400 млн доллардан бир миллиард долларга жеткирүү боюнча сүйлөшкөнбүз. Бул багыттагы иш-аракеттерибизди күчөтүү абзел».

Мамлекет башчысы боордош түрк өнөктөштөргө өлкөнүн эшиги дайыма ачык экенин белгилеп, учурда кыргыз жергесинде жүздөгөн кыргыз-түрк ишканалары иштеп жатканын эске салды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM