Биз менен байланышыңыз

«Чернобыль» сериалы «Эмминин» сыйлыгына татыды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 477 | 0

«Эмми» теле-көрсөтүү тармагындагы эң мыктыларга тартууланган кинофестивалда «Чернобыль» сериалы «Мыкты кыска сериал» (Крэйг Мэйзин, Джейн Фезерстоун жана Кэролин Штраусс), «Мыкты режиссердук эмгек» (Йохан Ренк) жана  «Мыкты сценарий» (Крэйг Мэйзин) номинацияларын жеңип алды.

«Чернобыль» сериалынын сценарийи белгилүү америкалык сценарист Крэйг Мэйзинге таандык. Алгач ирет бет ачар катары ушул жылдын 6-майында HBO телеканалында көрсөтүлгөн. Сериалда 1986-жылдагы Украинадагы Владимир Ильич Ленин атындагы Чернобыль атомдук электростанциясында болгон алаамат кырсык жана анын кесепеттерин жоюу үчүн көрүлгөн баатырдык аракеттер баяндалат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM