Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик тил 30 жылда ордун таптыбы?

Коом | 23 Сен 2019 | 1096 | 0

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССР Жогорку Советинин айрым депутаттарынын демилгеси менен «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» тактап айтканда, кыргыз тилине мамлекеттик деген макам берүү боюнча мыйзам долбоору добушка коюлуп, аны жалпы сессияда кабыл алып беришкен. Ошентип, эне тилибиз бир канча жыл жалгыз тил катары өкүм сүрүп келген орус тилине теңтайлаш укугун алган. Кийин, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бул мыйзамга өзгөртүү, жаңылоо киргизилип, кыргыз тилине мамлекеттик, ал эми орус тилине расмий деген макам ыйгарылган.

Аталган жылдан ушул күнгө чейин бул күн Кыргызстанда Мамлекеттик тил күнү катары майрамдалып келатат. Андан бери туптуура 30 жыл өттү. Быйыл да ушул тегерек датаны утурлай Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бир катар белгилүү инсандардын катышуусунда чоң салтанат өткөрүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да ошондой мааниге ээ экенин белгиледи. Анын кошумчалашынча, мамлекеттүүлүктү кайрадан түптөөгө жол ачкан, «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышы өлкөнүн тарыхындагы өзгөчө окуя болгон. Мындан сырткары, отуз жылдан бери кыргыз тили бир кыйла өнүгүп-өстү. Бирок, жашоо практикасына терең кире элек.

— Мамлекеттүүлүктү кайрадан түптөөгө жол ачкан «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышы — өлкөбүздүн тарыхындагы өзгөчө окуя болгон. Ал мезгилде мындай кадамга баруу үчүн — өз тилин сүйгөн патриоттуулук гана эмес, жалтанбаган эрдик да керек болчу. Отуз жылдан бери кыргыз тили бир кыйла өнүктү, өстү, байыды. Бирок, ойдогудай колдонулуп, өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил болуп, жашоо практикасына терең кире элек. Кылымдарды карыткан кыргыз тили, коомдо өзүнүн тарыхый ордун ээледи деп айтууга эртелик кылат. Аны өлкөдөгү бардык этностор үчүн орток тил кылуу боюнча аткара турган милдеттер арбын. Дароо эле айта кетейин, орус тилинин расмий тил катары макамы сакталат. Орус тили — биз үчүн дүйнөлүк маданиятка, илим-билимге жетүүнүн көпүрөсү бойдон калат. Коомубузда орус тилинин мааниси ылдыйлабайт.

Президент: Мамлекетти коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да — ошондой мааниге ээ

Жээнбеков: орус тили расмий тил катары өз макамын сактап калат

Бүгүнкү майрамды утурлай, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын фойесинде Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жана Кыргыз улуттук илимдер академиясы тарабынан жарык көргөн китептердин көргөзмөсү, ошондой эле Өкмөткө караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин жана «Санариптештирүү доорунда» аттуу мобилдик тиркемелердин көргөзмөсү болуп өттү.

«Кыргызтест» мекемесинин жетекчиси Батма Болоталиеванын пикиринде, мамлекеттик кызматка келгендер сөзсүз түрдө кыргыз тилин билүүсү зарыл. Анын белгилешинче, бүгүнкү күндө атайын тесттен мамлекеттик кызматкерлер, мектеп бүтүрүүчүлөрү, жана каалаган жаран өтө алат.

— «Кыргызтесттен» мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү түрдө, андан тышкары, мектеп бүтүрүүчүлөрү жана өзүнүн билим деңгээлин аныктайм деген ар бир жаран ыктыярдуу өтөт. Тапшыра албай калгандар бар, бирок алар даярданып келип, кайра тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. 19319 тест тапшыргандардын ичинен, 8084 адам биздин сертификатка ээ болду. Демек 41,8 пайызы өттү, калган 58,2 пайызы өтпөй калды. Алар кайра тапшырат.

«Улутсофт» компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов «кыргыз тили дүйнөлүк илимий техникалык өнүгүү менен чогуу баратат» дегенден алыс. Бирок атайын долбоорлор ишке ашырылууда. Ал өнүгүп жаткан илимий технологияга кыргыз тилин ылайыкташтыруу максатында көрүп жаткан аракеттери менен бөлүштү.

— Азыркы учурда мектепке чейинки балдарга жана башталгыч класстагы окуучуларга тил үйрөтүү боюнча колдонмолорду иштеп чыктык. Тилди сабак түрүндө эмес, оюн түрүндө үйрөтүү амалын издейли дедик. Анткени, азыркы учурда балдарыбыз кол телефон менен колдонмолорду кеңири колдонуп калды. Кийинки баскычыбыз — бул, келечекке кадам таштоо. Кыргыз тилин толугу менен түшүнүп, кайра кыргыз тилинде жооп берген интеллект иштеп чыгуу максатын койдук. Кудай буюрса, 2023-жылы бул программаны ишке ашырабыз деген үмүт бар.

Дүйнөлүк тилдерди билүү зарыл, бирок эне тилин билбөө — тамырын унуткан менен барабар. Башка тилди үйрөнүп, алардын маданиятына сиңип, аралашып кетүү мүмкүн эмес. Мындай пикирин Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков билдирди. Ал ошондой эле, кыргыз тилин өзүбүз урматтап, сыйлап, андан кийин башкалардан талап кылуубуз керектигине токтолуп, куттуктоо сөзүн арнады.

— Бүгүнкү тил майрамы менен ар бир кыргызстандыкты куттуктайм! Анткени, тилибиз бар болсо, биз барбыз. Эгер тилибиз жок болсо, элибиз да жок болот. Ошондуктан, «Элди жок кылыш үчүн кырып-жоюштун кереги жок. Тилин жок кыл, маданиятын жок кыл, бүттү», — делинет. Бул — элдүүлүгүбүздүн күнү, тарыхыбыздын, тамырыбыздын күнү. Ушул күнүбүз берекелүү болсун!

Президенттин, өкмөттүн жана министрликтердин маалымат кызматтары кайсы тилди колдонот?

Copyright © 2017 Maral FM