Биз менен байланышыңыз

Президент: Мамлекетти коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да — ошондой мааниге ээ

Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 708 | 0

Мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да — ошондой мааниге ээ. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, кыргыз тилине мамлекеттик макам берилгенине 30 жыл толгонуна байланыштуу Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада айтты.

Өлкө башчы өз сөзүндө кыргыз тилине мамлекеттик макам берилгенине 30 жыл толгон маараке менен жалпы элди куттуктап, «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышы — өлкө тарыхында өзгөчө окуя болгонун баса белгиледи.

«Мамлекеттүүлүктү кайрадан түптөөгө жол ачкан «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышы — өлкөбүздүн тарыхындагы өзгөчө окуя болгон. Ал мезгилде мындай кадамга баруу үчүн — өз тилин сүйгөн патриоттуулук гана эмес, жалтанбаган эрдик да керек болчу. Бул демилгенин башында, өзүнүн дүйнөлүк кадыр-баркы менен совет жетекчилигине сөзү өткөн, улуу гуманист, улутубуздун сыймыгы — Чыңгыз Айтматов турган. Атактуу сөз чебери Түгөлбай Сыдыкбеков да чоң салым кошконун терең урматтоо менен эстейбиз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле кыргыз тилинин мамлекеттик макамын кайра кайтаруу оңой-олтоң иш болбогон айтып, тарыхый жагдайларга учкай токтолду.

«Кыргыз тилинин мамлекеттик статусун кайра кайтаруу — оңой-олтоң иш болбогонун жакынкы эле тарыхыбыз далилдеп турат. Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу даӊазалуу муун түптөгөн биринчи республиканын баш мыйзамында кыргыз тили — мамлекеттик тил катары конституциялык статуска ээ болгон. 1929-жылкы Кыргыз Автономдуу Советтик Республикасынын Конституциясында кыргыз тилинин, орус тили менен катар мамлекеттик статусу бар болчу. Бардык ченемдик укуктук актылар мамлекеттик ушул эки тилде жарыяланып, иш кагаздары эки тилде жүргүзүлө баштаган. Бирок, 1937-жылкы Кыргыз ССРнин Конституциясында кыргыз тилинин мамлекеттик тил экендиги тууралуу берене алынып салынган. Кыргыз тили үчүн күрөшкөн залкар мамлекеттик ишмерлер — улутчул аталып,  түрмөгө камалып,  репрессиянын курмандыгы болгон», — деди.

Алдыбызда эне тилди сактап калуу гана эмес, өнүктүрүү, өстүрүү, өркүндөтүү милдети турганын баса белгилеген президент Сооронбай Жээнбеков тилди өнүктүрүү боюнча беш сунуш бере кетти.

«Биринчиден, министрликтер менен мекемелер иш кагаздарынын 0.4 пайыздан 60 пайызга чейинин гана мамлекеттик тилде жүргүзүп жатышат. Иш кагаздардын дээрлик 60-90 пайызын расмий тилде даярдаган мамлекеттик мекеме-уюмдар бар. Алар тарабынан даярдалган документтер менен иш кагаздардын сапаты төмөн, сабаты начар. Бул жагдай — тилибизге болгон ишенимди төмөндөтүп, мамлекеттик башкаруу органдарынын беделине доо кетирүүдө.

Экинчиден, кыргыз тилин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү милдети турат. Жаңы технологиялардын өнүгүшү менен илимде, билимде, жашоо практикасында жаңы мейкиндиктер пайда болду. Маалыматты жайылтуу, коомдук ар кандай иш-чараларды өткөрүү, мекемелерде иш кагаздарын жүргүзүү — негизинен  мамлекеттик тилде болушу абзел. Кыргыз тилин илимдин, интернеттин жана технологиянын тили кылуу — мезгилдин талабы. Биз өз тилибизди азыркы заман талабы менен айкалыштыра билүүгө милдеттүүбүз. Өкмөт жогоруда атап өткөн багыттагы иштерди күчөтүүсү зарыл.

Үчүнчүдөн, тилди сактап, жашоо турмушубузга кеңири жана терең киргизүү — баарыбыздын милдетибиз. Шаардык ата-энелер балдарыбыз менен кыргыз тилинде баарлашып, аны үй-бүлөнүн күнүмдүк нормасына айланткан жокпуз. Балдарыбызга кыргыз адабиятын, кыргыз маданиятын, деги эле кыргыздын нарк-насилин сиңире албасак, аларга кантип кыргыздын тилин, рухун жеткиребиз? Бүгүн ар-бир ата-энеге кайрылам: эне тилибиздин алдындагы милдетибизди, ата-бабалардын элесинин алдындагы зор жоопкерчилигибизди сезели. Үй-бүлөдө тил маданиятын кайра калыбына келтирели.  

Төртүнчүдөн, тилди күч менен, зордук менен жайылтып, өнүктүрүү мүмкүн эмес. Тил — бул тирүү организм, анын өнүгүүсүнүн өз мыйзам ченемдери бар. Көп жылдан бери кыргыз тилинин абалы боюнча олуттуу изилдөө жүргүзүлө элек. Азыркы программанын кемчиликтерин, отуз жылдык тажрыбайбызды, турмуш чындыгын эске алып, акыл калчап, баарын салмактап, жаӊы программаны түзүү милдети турат. Жаңы программа кагаз түрүндө эле калбашы үчүн тилди өнүктүрүүнүн анык механизми, чыныгы жол картасы болушу зарыл. 

Бешинчи, бардык билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин азыркы заманбап методика менен, жаңы техникалык каражаттарды колдонуу аркылуу  окутууга өтүүнү тездетүү зарыл. Бала бакчадан баштап, мектепте, жогорку окуу жайында, жумуш ордунда кыргыз тилин үйрөнүүгө ыңгайлуу шарт түзүү абзел. Турмуш көрсөткөндөй, башка улуттагы жарандар кыргыз тилин жеңил үйрөнгүдөй, ийкемдүү окуу методикасына муктаж», — деди.

Мындан тышкары, орус тили расмий тил катары өз макамын сактап, дүйнөлүк маданиятка, илим-билимге жетүүнүн көпүрөсү милдетин аткара берерин билдирди. Муну менен бирге, өлкөбүз учурда бир нече тил билген билимдүү жаштарга суусап турганын, жалаң гана эне тилге басым жасап, балдарды бөлөк тилден чектеп коюу өлкөнүн өнүгүүсүнө залал келтирерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамын алганына 30 жыл толгон, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Copyright © 2017 Maral FM