Биз менен байланышыңыз

Президенттин, өкмөттүн жана министрликтердин маалымат кызматтары кайсы тилди колдонот?

Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 1461 | 0

Бүгүн мамлекеттик тилдин кабыл алынгандыгын 30 жылдыгы белгиленүүдө. Бул күндүн урматына ар кайсы мамлекеттик органдар, мекемелер атайын иш-чараларды өткөрүп жатышат. Биз ошол органдар массалык маалымат каражаттарына кайсы тилде кабар жөнөтөрүн, негизи мамлекеттик тилге кандай мамиле жасай турганын айтып берели деп чечтик.

А дегенде Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн баштайлы. Аталган бөлүм башка кызматтарга үлгү боло турган. Жөнөтүлгөн каттарды ачып караганда, алгач кыргыз тилинде, андан кийин орусча маалымат жөнөтүлгөнүн көрүүгө болот.

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө да эч кандай дообуз жок. Эки тилде тең кабар берип турушат.

Маселенин көбү өкмөттүн кол астындагы министрликтердин маалымат кызматында. Эми четтен токтололу:

Билим берүү жана илим министрлиги кээде кыргыз жана орус тилинде маалымат жөнөтүп калат. Бирок айрым учурда кызматкери жетишпей калабы, айтор, расмий тилде гана кабарлап калышат.

Тышкы иштер министрлиги башкалардан өзгөчөлөнүп, 3 тилде; кыргыз, орус жана англис тилинде маалымат таратат. Жакшысы, бардык тилдеги маалыматтар бир учурда келет.

Ал эми Ички иштер министрлиги болсо, айрым учурда гана кыргызча жазып калганы болбосо, дээрлик орус тилинде маалымат бергенди эп көрөт.

Юстиция министрлиги да маалымат берүүдө расмий тилди көп колдонгон органдардын катарында.

Каржы министрлиги эмнегедир бирдиктүү электрондук дарек колдонбойт, же колдонсо да биздин редакцияга ал жердеги кызматкерлердин почтасы аркылуу жөнөтөт. Андагы маалыматтар да дээрлик орус тилинде болот.

Экономика министрлигинин маалымат кызматына суроо менен кайрылсаң, ыкчам жооп берет. Анысына рахмат. Бирок жөнөткөн пресс-релиздери көбүнчө расмий тилде. Кээде гана кыргыз тилинде жазып калышат.

Кызыгы, почтабызга келген каттардын арасынан Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин бизге жөнөткөн маалыматтарын таба алган жокпуз. Бирок бул министрлик Фейсбук баракчасын активдүү колдонуп, ал жакка мамлекеттик тилде маалымат чыгарып турат.

Транспорт жана жолдор министрлиги да кез-кезде гана кыргыз тилинде жазбаса, орус тилге жакын. Бизге жолдогон акыркы 10 каттын бирөөсүндө гана кыргызча маалымат камтылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги журналисттерге маалымат жеткирүүдө алкоого аларлык. Суроо менен кайрылганда ыкчам жооп бергени, маалыматтарды убагында жана негизгиси эки тилде бергенин баса белгилөө керек.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги кабар берерде мамлекеттик тилди көп эске ала бербейт. Айрым учурларда гана кыргызча маалымат таратат. Мисалы, министрлик мамлекеттик тил күнүн белгилегенде жана кээде гана… А бирок байланышканда, ыкчам маалымат берип, сурообузга оңой жооп алабыз.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги да ЖМКлар менен иштөөдө президенттин жана өкмөттүн маалымат кызматтарындай эле иштейт. Кыргыз жана орус тилдеринде маалымат жөнөтүп турганы көңүл жылытат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Фейсбуктагы баракчасын активдүү колдонуп, жарандарга ошол платформа аркылуу маалымат берип турат. Албетте, кыргыз тилинде. Бирок почтага жөнөтүлгөн кабарларда орус тилдеги маалыматтар басымдуулук кылат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да орус тилинде маалымат бергенди эп көрөт. Айрым учурларда гана эки тилди колдонот. Бирок алгач орус тилинде кабар берип, кийинчерээк кыргызчасын жөнөтөт.

Ал эми Чек ара кызматы да кош  тилдүүлүккө аракет кылат. Бирок шашылыш учурда орус тилинде гана маалымат таратат. Айрыкча, кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуу учурунда аталган кызматтын маалымат бөлүмү ыкчам иштегенин белгилеп коюу керек.

Салык кызматы да бир маалыматты эки тилде берет. Бул – кыргыз тилдүү жана орус тилдүү маалымат каражаттары үчүн да ыңгайлуу болгон ыкма.

Бажы кызматынын маалымат кызматы да активдүү иштегендердин катарында. Кыргыз жана орус тилинде таратып, кокус окубай калсаң, жеке кат куржун үңкүрдүн да жөнөтүп турушат.

Ал эми калган мекемелер байма-бай маалымат жөнөтө беришпейт.

Мамлекеттик органдардын маалымат кызматтары кабарды эки тилде таратса, өздөрүнө да, ЖМКларга да пайда. Анткени келген текстти кыргыз тилине которуу да көп убакытты алат. Айрым маалымат каражаттары ага убакыт короткусу келбейт.

Copyright © 2017 Maral FM