Биз менен байланышыңыз

«Буудай бизнесмендери»: депутаттар Айтматовага жооп берди

Саясат | 23 Сен 2019 | 1749 | 0

Мурдагы депутат Ширин Айтматова мандатын өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн колдонгон жана мыйзамдарды бизнесин коргоп, аны өнүктүрүүгө ыңгайлаштырган бир канча депутаттын ысымын коомчулукка жар салды. Кала берсе, кайсы депутат кандай компанияларга ээлик кыларын баса көрсөттү. Тасмада 2015-жылы Жогорку Кеңешке шайланып келген депутаттардын шайлоого кетирген каражаттарын 10 күндүн ичинде толуктап, а түгүл чөнтөктөрүнө 650 млн сомго чейин пайда көргөнү айтылат.

— Депутаттар буудайды импорттоо аркылуу 2015-жылдагы Парламенттик шайлоого кетирген чыгымдарын жаап, андан башка да 650 млн сом акча тапканга жетишкен. Ал шайлоодон 10 күн өткөндөн кийин 2015-жылдын 14-октябрында Жогорку Кеңеште Кыргызстанга алынып келинген буудайларды бажы салыгынан бошотуу токтомун «Өнүгүү-Прогресс», КСДП жана «Кыргызстан» партиялары колдоп чыгышкан. Себеби, аталган партиялардын лидерлеринин бизнестери ун жана буудай менен байланыштуу.

Видеодо аты аталган Кыргызстан социал-демократтар партиясынын ошол кездеги лидери Чыныбай Турсунбеков Ширин Айтматова айткан дооматтардын баарын четке какты. Ал Айтматованын бул аракетин келе жаткан 2020-жылдагы шайлоого гана көргөн даярдыгы катары сыпаттайт.

— Мен видеону көрдүм. Бирок ал айткан жүйөлөрдүн бирөө да чындыкка дал келбейт. Эл арасында унутулуп бара жатканда, шайлоого кайрадан атын чыгаруу аракети деп билем. Парламенттеги аты чыккан, көрүнүктүүлөрүнөн баштады десем да болот. Дагы бир нерсени айтышым керек, анда токтомду ким колдоду? Ошол нерсени да тактап алышса болмок. Анткени, ал жакта мен жокмун. Видеокайрылууда менин ысымым айтылып калып, бардык ЖМКга жооп бергенге туура келип жатат.

Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров: «Мындай кадамды бажы биримдигин түшүнбөгөн гана адам айтат», — дейт. Депутаттын берген маалыматына таянсак, буудайга болгон салыкты алып салууну өкмөт сунуштап, бир катар депутаттар колдоп берген.

— Өкмөт башка жактан келген буудай үчүн салык кызматын алып салууну бизге сунуштаган. Ошол кезде бул өтө туура кадам болгон. Ал эми Ширин Айтматованын билдирүүсүн экономикадан, өндүрүштөн түшүнүк албаган, реалдуу кырдаалдан кабары жок, популисттик гана кадам десем болот. Ал эми 650 млн сом тууралуу айткан сөздөрүнө мен коомчулук алдында жооп бергенге даярмын. Дебат уюштуруп, андагы суммалар боюнча айтып берем.

Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев маселени эки тараптуу карайт. «Бир жагынан депутаттардын жеке бизнестерин сактоо, коргоо үчүн болгон күч-аракеттерин жумшай турганы боюнча Айтматованын билдирүүсү туура болушу мүмкүн, экинчи жактан Айтматованын келе жаткан шайлоого жасап жаткан иш-аракети болушу да мүмкүн», — дейт ал.

— Акыркы айларда Ширин Айтматова парламентти жаңыртуу, тазалоо тууралуу көп аракеттерди көрүп жатат. Тараган видеодо айтылган мисалдар туура деле болушу мүмкүн. Анткени, кыргыз парламенти эл үчүн иштеген депутаттарга эмес, бизнесин коргоп калуучу адамдарга жол ачып жатат. Ал жакта айтылган сөздөрдү, албетте, депутаттар моюнга алышпайт. Бул — биринчи жагы. Ал эми экинчи багыттан алып карасак, Ширин Айтматованын бул кадамдарын келе жаткан шайлоого даярдыгы деп да билсек болот.

Copyright © 2017 Maral FM