Биз менен байланышыңыз

Казакстанда адам органдарын мыйзамсыз сатуу: Донорлордун арасында кыргыздар да бар

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 660 | 0

Казакстанда адам органдарын мыйзамсыз ташуу менен алектенген эл аралык уюшкан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазды.

Анын айтымында, 2019-жылы адам сатууга каршы күрөшүү боюнча 141, анын ичинен 59у адамдын органдарын жана ткандарын сатуу боюнча иш козголгон.

«Казакстан медицинасында акыркы жылдары трансплантология тармагы кенен жайылды. Бат жана оңой акча табууну көздөгөндөр бул нерсени көз жаздымда калтырган жок. Өзүнчө уюшкан кылмыштуу топко да айланды. Быйыл бул топ 57 мыйзамсыз операция өткөргөн. Донорду Украина, Өзбекстан, Кыргызстандан табышкан. Азырынча текшерүү иштери жүрүп жатат. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча бул уюмдун кирешеси 10 миллион долларды түзгөн», — дейт криминалдык милиция департаментинин жетекчиси Арманбек Баймурзин.

Маалыматка ылайык, алгач медицина кызматкерлери текшерүү иретинде операция өткөрүшкөн. Ал ийгиликтүү болгон соң органдарды алмаштыруу менен алектене башташкан. Операция жасаткандар тирүү, бир гана донор ВИЧ жуктуруп алган жагдай катталган.

Кошумчалай кетсек, казакстандык белгилүү трансплантолог Гани Куттымуратов мыйзамсыз орган алмаштыруу боюнча шектелип туткундалган. Анын жанында донорлорго котормочу болуп жүргөн Ганинин жардамчысы кыргызстандык жаран да кошо кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM