Биз менен байланышыңыз

Малдын зекети кандай берилет? Билип алыңыз!

Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 1263 | 0

Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгынын Фатва бөлүмү малдын зекети тууралуу маалымат жарыялады. Канча малы бар адам, кандай зекет бериши керек? Бул жерден билип алыңыз:

Төөнүн зекети

Суроо: Зекет канча төөдөн берилет?

Жооп:  Эгерде  төөлөр алты айдан ашык багылып жана алардын саны жыл бою бештен ашып турса, анда алардын зекетин берүү парз болуп эсептелет.

Зекеттин өлчөмү мындайча эсептелет:

  • Бештен тогузга чейин — бир кой;
  • Ондон он төрткө чейин – 2 кой;
  • Он бештен он тогузга чейин – 3 кой;
  • Жыйырмадан жыйырма төрткө чейин – 4 кой;
  • Жыйырма бештен отуз бешке чейин – ургаачы тайлак;
  • Отуз алтыдан кырк бешке чейин – каймал (2 жаш);
  • Кырк алтыдан алтымышка чейин – 1 асый инген;
  • Алтымыштан жетимиш бешке чейин – 2 асый инген;
  • Жетимиш алтыдан токсонго чейин – асый ингенден экини;
  • Токсон бирден жүз жыйырмага чейин – 2 асый ингенден 3тү;
  • Жүз жыйырма бирден жүз жыйырма тогузга чейин – 2 асый ингенден экини жана бир кой;
  • Жүз отуздан жүз отуз төрткө чейин – 2 асый ингенден экини жана 2 кой;
  • Жүз отуз бештен жүз отуз тогузга чейин — 2 асый ингенден экини жана 3 кой;
  • Жүз кырктан жүз кырк төрткө чейин — 2 асый ингенден экини жана 4 кой;
  • Жүз кырк бештен жүз кырк тогузга чейин — үч инген;

Эгерде төөлөрдүн саны 150гө жетсе, анда эки асый ингенден үчтү берет. Андан кийин эсеп 120 төөгө жүргүзүлгөндөй эсептелет. Эсеп ар бир 50 төөдөн соң жаңыланып турат.

Суроо: Зекетке кандай төө берилет? Сыңар өркөчтүүбү же кош өркөчтүүбү?

Жооп: Кандай төө экенинде айырма жок. Төөнүн бардык түрү жарай берет.

Эскертүү: Зекетти ургаачы төө менен гана берүүгө болот. Эркек төөлөр менен да берсе болот, бирок бул учурда аларды ургаачы төөнүн баасы менен эсептөө керек.

Уйдун зекети

Суроо: Канча уйдан зекет берилет?

Жооп: Эгерде  бодо мал алты айдан ашык жайыттан оттоп жана алардын саны бир жыл бою отуздан көбүрөөк болуп турса, анда алардын зекетин берүү фарз болуп эсептелет.

Зекеттин өлчөмү мындайча эсептелет:

  • Отуздан отуз тогузга чейин – бир торпок;
  • Кыркка – ноопас же кунаажын;
  • Кырк баштан ашык ар бир башка ноопастын же кунаажындын наркынын кырктан бир бөлүгү берилет.

Мисалы, эгерде кунаажын 20 миң сом болсо, анда бир уйга — 500 сом, эки уйга – 1000 сом, үч уйга – 1500 сом ж.у.с. Мындайча айтканда, кимдин 42 ую болсо, анда бир кунаажын жана 1000 сом берилет. Бул Абу Ханифанын (рахм.ал) пикири боюнча. Ал эми Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммад (рахм.ал.)  кырктан алтымыш башка чейин эч нерсе кошулбайт дешет. Уйлардын саны 60ка жеткенде зекетке ноопас же кунаажын берилет, анткени, 60 — отуздан экөө дегенди билдирет. 69 башка чейин эч нерсе кошулбайт. 70 баштан бир кунаажын жана бир торпок берилет. 79 башка чейин эч нерсе кошулбайт. 80 башка жеткенде 2 ноопас же кунаажын берилет. Анткени, 80 — кырктан экөө дегенди билдирет. Мындайча айтканда, зекет ар бир отуз башка бир торпок, ал эми ар бир кырк башка бир ноопас же кунаажын берилет.

Суроо: Зекет уйга эле берилеби?

Жооп: Зекетти уйга да, буйволго да берүү парз.

Жылкынын зекети

Суроо: Жылкыга зекет берүү да парзбы?

Жооп: Көлүктүн зекети фарз болуп эсептелбейт. Эгерде сатуу максатында багыла турган болсо, анда алардын зекетин берүү парз, себеби, товар катары эсептелет жана товардан зекет чыгаргандай зекет чыгаруу керек. Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммаддын чыгарган өкүмү боюнча, эгерде жылкыны көбөйтүү максатында бага турган болсо, анда алардын зекети берилбейт. Ал эми Имам Абу Ханифанын өкүмүндө берилет. Абу Ханифанын пикирине ылайык, эгерде үйүрдө жылкылардын ургаачысы да жана эркеги болсо, анда зекетке ар бир жылкыдан бир динар же жылкынын наркынын кырктан бир бөлүгүн берүү керек, эгерде алар жайытта алты айдан ашык багыла турган болсо жана ортодон бир жыл өтсө  дейт.

Суроо: Качырлардан жана эшектерден зекет берилеби?

Жооп: Жок, качырлардан жана эшектерден зекет берилбейт.

Койдун зекети

Суроо: Зекет канча койдон берилет?

Жооп: Эгерде  койлор алты айдан ашык жайыттан оттоп жана алардын саны бир жыл бою кырктан көбүрөөк болуп турса, анда алардын зекетин берүү парз болуп эсептелет.

Зекеттин өлчөмү мындайча эсептелет:

  • Кырктан жүз жыйырма башка чейин – бир кой;
  • Жүз жыйырма бирден эки жүзгө чейин – эки кой;
  • Эки жүз бирден үч жүз токсон тогузга чейин — үч кой;
  • Төрт жүздөн төрт жүз токсон тогузга чейин – төрт кой;
  • Андан ары ар бир жүз башка бир кой берилет;
  • 500 – 599 чейин башка — 5 кой;
  • 600 башка – 6 кой;
  • 700 башка – 7 кой ж.у.с.

Суроо: Эчкиден зекет берилеби?

Жооп: Ооба. Эчкинин зекети койлордуку сыяктуу эсептелет.

Даярдаган: КМДБнын фатва бөлүмү. Макаланын оригиналы бул жерде

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM