Биз менен байланышыңыз

Алмаз Исманкуловдун «Көз микрохирургиясы» Кореядан алган насыяны төлөбөй жатабы?

Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 349 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги Алмаз Исманкулов клиникасынын түштүк кореялык «Медисон Ко Лтд» компаниясына каражатты кайтарбай койгону боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Түштүк Корея мамлекетинин премьер-министри Ли Нак Ен июль айында Кыргызстанга жасаган расмий сапарында кореялык инвесторлорго болгон карыз маселесин көтөргөн. Бул маселе инвестициялык климатка кедергисин тийгизип, өлкөнүн беделин түшүрүп жатат.

Азыркы учурда Билим берүү жана илим министрлиги маселени мыйзам чегинде чечүү үчүн тиешелүү соттук процесстерин башталышын демилгеледи.

Маселенин таржымалы: 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 1997-1998-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин медициналык борборуна 8,5 млн долларлык жабдуу алуу үчүн «Медисон Ко, ЛТД» (Корея) компаниясына кепилдик кат берген.

Бул борбордун ээси Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана Алмаз Исманкуловдун «Көз микрохирургиясы» жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) болгон. Ал мезгилде окуу жайдын эл аралык байланыш жана медицина боюнча проректору Исманкулов университеттин атынан өкүл катары дайындалып, кредит алуу боюнча келишимге кол койгон. 1999-жылы май айында жабдуулар Алмаз Исманкуловдун «Көз микрохирургиясы» ЖЧКсына келген.

2000-жылы Кыргыз улуттук университети окуу жайдын медициналык борборунун негиздөөчүлөрүнүн катарынан чыккандан кийин, алынган кредитти төлөө жоопкерчилиги Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «Интергоспиталь» медициналык борборуна өткөн.

Ишкана жабдуу үчүн алынган техникалык насыяны ушул мезгилге чейин Корея тарапка төлөбөй келет.

Бул факт боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, Кыргыз улуттук университети жана «Көз микрохирургиясы» ЖЧКСынын директоруна кылмыш иши козголуп, анын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу иш жабылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM