Биз менен байланышыңыз

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованы күйөрмандары салтанат менен тосуп алышты (фото. видео)

Кыска кабар , Спорт | 21 Сен 2019 | 1251 | 0

Кыздар күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова  Кыргызстанга келди. Чемпион кызды «Манас» Эл аралык аэропортунан Президенттик Аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев жана вице-премьер министр Замирбек Аскаров баштаган күйөрмандары, журналисттер гүл менен тосуп алышты.

Аэропорттун чыга беришинде атайын чакан куттуктоо кечеси өтүп, анда Айсулуу Тыныбекова менен башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Айсулуу мамлекеттик жетекчилер, күйөрмандар салтанат менен тосуп алганына ыраазычылык айтты. Дүйнө чемпионатындагы жеңишин Кыргызстанга, Кыргызстандын элине арнаарын, ар бир беттеште мамлекет жеңиш күтүп турат деген жоопкерчилик менен күрөшкөнүн баса белгиледи.

Казакстандын Астана шаарында өткөн дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова кыздар күрөшүнөн 62 кг салмакта күрөшүп чемпион болду.  Чечүүчү финалдык беттеште ал болгариялык Тайбе Мустафа Юсеинди таза артыкчылык менен утуп алып, Кыргызстандын эгемен тарыхындагы кыздар күрөшүндө эң чоң жетишкендик болду.

Copyright © 2017 Maral FM