Биз менен байланышыңыз

БУУ Өзбекстандагы соттордун абалын иликтейт

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 563 | 0

БУУнун көз карандысыз соттор жана адвокаттар боюнча атайын баяндамачысы Диего Гарсия-Саян өзбек сотторунун абалын иликтөө үчүн Ташкентке келди.

«Фергана» маалымат агенттиги билдиргендей, БУУнун атайын баяндамачысы 19-25-сентябрь аралыгында Өзбекстанда болот. Ал өзбек бийлик өкүлдөрү менен катар соттор, прокурорлор, адвокаттар, жарандык коом өкүлдөрү, окумуштуулар жана донорлор менен жолугат.

Диего Гарсия-Саян өзбек өкмөтү менен сот реформалары боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Сапардын соңунда, тагыраагы, 25-сентябрда эксперт Ташкенттеги эл аралык басма сөз клубунда маалымат жыйынын өткөрөт. Анын Өзбекстан боюнча кеңири баяндамасы 2020-жылы июнь айында Женевада өтө турган Адам укуктары боюнча кеңештин жыйынында жарыяланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM