Биз менен байланышыңыз

Президент Орусиядагы аскердик машыгууга катышат

Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 362 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда Орусиянын Оренбург шаарына бир күндүк иш сапарга менен кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ал Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Кургак жер аскерлер топторунун катышуусунда биргелешкен практикалык машыгууларга катышат.

Жээнбеков ошондой эле Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрүп, кызматташуу тууралуу, анын ичинде аймактагы коопсуздукту камсыздоо маселелерин талкуулашат.

Кыргызстандан барган делегациянын курамында: тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөмбиев, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM